Чолпон-Ата мөңгүсү

Чолпон-Ата, мөңгү Күнгөй Ала-Тоонун түндүк капталында. Чоң Кеминсуусунун жогорку сол куймасы Чолпон-атанын төрүнөн орун алган өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Батышындагы мөңгүнүн уз. 3,2 км, аянты 6,0 чарчы/чакырым. Башы деңиз деңгели. 4410 м, этеги 3600 м бийик - тикте. Чыгышындагысынын уз.2,6 км, аянты 5,2 чарчы/чакырым, башы 4410 м, этеги 3490 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3980 м. Абляция облусунун аянты 0,8 чарчы/чакырым. Каптал мореналары кеңири таралган. «Тилдеринин» этегин мореналар жаап жатат. Мөңгүлөрдөн башталган суулар кошулуп Чолпоната суусун түзөт да, Чоң Кеминге сол тараптан куят.





мөңгү

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)