Чолпон-ата

Чолпон-ата шаары 1930-жылы негизделген (1975-жылдан шаар). Ысык-Көл районунун борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, дарыясы деңгээл 1610—1780 м бийикте жайгашкан. Бишкектен 255 чакырым чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 75 чакырым аралыкта. Аянты 1731 га (1992).

Т а б и я т ы . Жеринин бети дөбөдөңсөөлүү, Ысык-Көлдү көздөй жантайыңкы. Мезгилдүү агын суулар, майда кокту-колоттор жана башкалар менен тилмеленген. Батыш бөлүгү салыпггырмалуу тегиз. Климаты мелүүн; жайы жылуу, кышы жумшак, кары көпкө жатпайт. Январдын орточо температурасы —3°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 250-270 мм. Деңиздик мелүүн климаты, дары баткак кендери, минералдуу суулары, тунук көл суусу, жагымдуу кум пляжы жана башкалар Чолпон-Атаны белгилүү курорт борборлорунун бирине айландырган.

Мында 2 санаторий («Чолпон-Ата», «Көгүлтүр Ысык-Көл»), 2 эс алуу үйү («Чолпон-Ата», «АлаТоо»), учукка каршы балдар санаторийи, көптөгөн пансионаттар жана башкалар бар. Дарылоо-ден соолук чыңдоо мекемелеринен. жылына 15 миңден ашык киши дарыланып (1992), 30 миңден ашык киши эс алып, ден соолугун чыңайт. Калкы 12 миң (1992). Табиятынын ыңгайлуу шартына байланыиггуу облустун башка шаарларына караганда калктын өсүшү жогору. 1976-жылы 7,3 миң, 1981-жылы 8,7 миң киши жашаган. Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз жана орус (88,2%, 1989-жылдагы эл каттоо боюнча), украин, татар, казак, өзбек, уйгур, дуңган, тажик жана башкалар 20дан ашык улут жашайт. Эмгекке жарамдуу калктын жарымына жакыны курорт, санаторий, эс алуу жайларында, калганы өнөр ж., айыл ч., курулуш, транспорт менен байланыш, соода жана коомдук тамактануу жылы б-да эмгектенишет.

Ч а р б а с ы . Шаардын экономикасынын негизин курорттук жана өнөр жай чар: балары түзөт. Чолпон-Ата сүт комбинаты Ысык-Көл районунун колхоз жана с-здорунан келген сүттү кабыл алат. 1992-жылы 5142 т ынак сүт, 30 т сыр, 232 т каймак май жана башкалар чыгарган. Комбинат шаар калкын жана ага жакын жайгашкан калктуу пункттарды тейлейт. Калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты 1992-жылы менчиктеиггирилип, ал ишканалар кийим тигет, үй тиричиликте пайдаланылуучу техникаларды ремонттойт, бут кийим тигет, оңдойт. Шаар Ысык-Көл өрөөнүнүн дээрлик бардык калктуу пункттары, ошондой эле респнын борбору жана башкалар райондору менен автомобиль жолу; Ош, Алматы, Ташкен жана башкалар шаарлар менен аба жолу аркылуу байланышат. Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо.

1992/93-окуу жылында шаардын 3 орто мектебинде 2015 окуучу окуп, 98 мугалим жана тарбиячылар эмгектенген; 6 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 954 бала тарбияланган. маданият үйү, 5 китепкана (54,9 миң китеп жана журнал), кинотеатр (600 орундуу), 7 киноустановка, балдар музыкалык мектеби, казак жазуучусу М. Ауезовдун китепкана музейи бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. «Ысык-Көл оттору» (кыргыз тилинде), «Огни Иссык-Куля» (орусча) гезиттери чыгат. Оорукана (300 орундуу), 2 амбулатория-бейгапкана, санэпидстанция бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)