Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чоюке Өмүр уулу

Баш барак | Биографиялар | Чоюке Өмүр уулу

(1880, Түргөн айылы, азыркы Ак-Суу районунун аймагы -1925, ошол эле жер) - манасчы. Саякбай Карала уулунун устаты. Манасчылыкка ашкере берилип, өтө берилгендигинен Манастын, анын чоролорунун мекенин көрөм деп, 1900ж. Таласка барып, 6 жылдай туруп, кийин Чүйгө келип, өз айылына 8—9 жылдан кийин барган. Андан көп узабай эпосто ырдалган дагы башка элжерди өз көзү менен көрүүнү, анын каада-салты, турмушу менен жакшылап таанышууну максат кылып, Кытайдагы кыргыздарга барып келген. 1916-жылы үрккөн эл менен кошо Кытайга качып, үйбүлөсүнөн ажырап, тууган жерине араң кайткан. 1924-жылы С. Карала уулуна жолугуп, манасчылыктын көп сырларын ачып, чыгармачылык чоң таасир берген. Ч-нин өз оозунан жазылып калган «Манас» жок. Бирок, шакирттери С. Каралаев менен шаары Азизовдордун репертуарына карап, Ч. «Манас» үчилтигин бүт жана анын уландысы—Кенен, Алымсарык, Кененсарык жөнүндөгү окуяларды да айткан деп болжосо болот. «Эр Төштүк», «ЖанышБайыш», «Жүгөрү» жана башкалар эпосторду айткан.

Кыргызстан УИАнын кол жазмалар фондусунда Ч-нин варианты боюнча анын замандаштары тарабынан жазылган («Манастын» сюжетинен) жазмалар сакталган. Шакирттеринин эскерүүсүнө караганда Ч. «Манасты» ашкере көркөм, өтө таасирлүү айтчу экен.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1874, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу