Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чиркейлерден кантип коргонуу керек?

"Чиркей" - бул кайсы жерде болбосун, денеси муунак-муунак болуп бөлүктөргө бөлүнгөн курт-кумурскалардын эки канаттуу түркүмү. Бүгүнкү күндө чиркейлердин 3000дей түрү белгилүү, ал эми Кыргызстанда болсо 50гө жакын түрлөрү жашайт. Мунун ичинде жөнөкөй чиркей (culex pipiens) абдан көп таралган, жана адам жашаган аймактын бардык жерлеринде кезигет, анткени, адам булардын негизи курмандыгы.

"Чиркейлер" жайдын келүүсү менен табиятта эле эмес, кадимки үйдүн ичинде да жанды койбойт. Ал гана эмес силер бул жерде чиркей жок болуш керек деп ойлогон башка өлкөлөрдө да тажатат, анткени "чиркей" бардык жерде!

Ошондуктан, кайда гана барбаныз чиркей менен сөзсүз кезигүү болоорунан шек санабаныз, анткени булар абдан коркунучтуу болушу мүмкүн. Дал ушул чиркейлер маляриянын, безгектин, менингит, энцефалит, Батыш Нил Вирусунун жана башка көптөгөн оорулардын ташыгычы болот.

Бир гана малярия менен 100 миллион адам ооруп калат, анын ичинде 5 жашка чейинки балдар өзгөчө коркунуч тайпасына кирет.

Чиркейлерден кантип туура коргонуу керек жана чиркей чагып алган учурда эмне кылуу зарыл?

Чиркейдин шилекейи өзүнө күчтүү аллергенди камтыйт. Ошондуктан, аллергиясы жок адамды да чиркей чаккан учурда, чаккан жерде кычыткы, шишик жана кызаруу пайда болот.

Кээ бир учурларда чиркейдин чагуусу, оор аллергиялык реакцияга алып келет, ал гана эмес анафилактикалык шок дагы болушу мүмкүн. Булардын симптомдоруна төмөнкүлөр кирет: дене табынын көтөрүлүшү, дененин кызарышы жана кытышуусу, баш оору, демдин кыстыгуусу, кекиртектин шишиши, кургак жөтөл, бут-колдун тырышуусу.

Мындай аллергиялык реакция учурунда, чиркей чаккандан кийин бир саатка чейинки убакытта, тез медициналык жардам көрсөтүү зарыл.

Көп учурда чиркейлер балдардын назик терисин чакканды жакшы көрүшөт, бирок териси жука жана ак жуумал тарткан адамдарды да көңүл кош калтырбайт.

Чиркейлер адамдын тер жытын абдан жакшы сезишет, жана тердеп турган адамдарга чиркейлер тез эле чогулат. Адамдарга чиркейлердин ургаачылары гана коркунучтуу - анткени, ургаачылары гана адамдын каны менен тамактанышат, бирок тамактануу деп айтуу кичине туура эмес болуп калат, анткени алар канды жумурткалоо максатында гана ичет, жана ал жумурткалардын личинкаларын тукум улоо үчүн сууга таштайт. Мына ошон үчүн көлөкө тарткан суу бойлорунда чиркейлер бекеринен көп болбосо керек.

Ал эми курсагын тойгузуу максатында ургаачы жана эркек чиркейлер өсүмдүктөрдүн жана гүлдөрдүн ширеси менен тамактанат. Айтмакчы, чиркейлер абдан көп жумуртка тууган курт-кумурскаларга кирет. Ургаачы чиркей күнүнө 50дөн 170ке чейин жумурка тууйт, ал эми бойго жеткен чиркейдин орточо жашоосунун узактыгы 20 күн болот. Эми өзүңөр санап көргүлө 20 күндө канча жумуртка туурун.

Коргонуу каражаттары

Чиркейлерден коргонуу каражаттары синтетикалык жана табигый болуп экиге бөлүнөт. Байыркы замандан бери эле адамдар чиркейлер менен күрөшүп келген, негизинен чиркейлер күчтүү жыттарга чыдабайт.

Чиркейди төмөнкүлөр качырат:

-Ванилин, гвоздиканын, анистин, эвкалиптин, валериананын жана арчанын эфир майлары. Бул өсүмдүктөрдүн майылары же экстракты менен кездеменин тилкелерин нымдап, терезенин тактайларына коюп койсо болот. Ошондой эле сыртка чыгаарда дененин ачык бөлүктөрүн эфир майы менен сүртүп алса болот.

-Помидордун жалбырактары. Негизи помидор отургузулган карапаларды терезенин алдына же бөлмөнүн каалаган жерине коюп койсо болот.

-Пиретрум - бул персид, далмат же кавказ ромашкасы. Кургатылган гүл же жалбырактарын майдалап, бөлмөнү чиркейден арылтса болот.

-Кедр майы. Кедр майынын жыты чиркейлерди гана эмес, чымындарды, ар кандай курт-кумурскаларды, коңуздарды да качырат.

-Буудайыктын маңызы. Буудайыктын майдаланган тамырын 1,5 литр сууга кошуп, ачык сары түскө келмейинче 2-3 жолу кайнатып, дененин ачык жерлерин сүртүп алса, чиркейлер жолобойт.

Эми синтетикалык коргонуу каражаттарына кайрылсак, бул каражаттар колдонуунун оңойлугунан абдан популярдуу. Териге атайын кремдер 2-3 сааттык коргонууну камсыздайт, ал эми кийимге, коргонуу торчолоруна, палаткага себилген аэрозольдор бир айга чейин коргонууну камсыз кыла алат, албетте эгер аларды жууп салбасаныз.

Бирок синтетикалык каражаттарды колдонуу менен бирге алардын зыяндуу жактары бар экенин дагы унутпоо керек. Репелленттердеги (Репеллент - латын тилинен repellens — итертип жиберүүчү, жийиркентүүчү) уулу заттар адамдарга да, үй жаныбарларына да зыяндуу. Медицина кызматкерлеринин маалыматы боюнча адамдардын 12 пайызы инсектицидтерге (Инсектицид - зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылуучу химиялык каражаттар) болгон аллергиялык реакция менен жабыр тартышат.

Крем түрүндөгү коргоочу химиялык каражаттар териге жука катмарда сүртүлүп, теринин жараланган, сыйрылган же кесилген жерине сүртүүгө такыр болбойт. Ошондой эле чиркейлерден терезелерге орнотулган москит торчолору да жакшы жардам берет, ал торчолорго синтетикалык аэрозоль сээп койсо да болот.

Бирок химиялык коргонуу каражаттарын ашыкча колдонбоо керек. Аэрозольду кийимге гана чачып, кремдерди теринин ачык жерлерине гана сүртүү сунушталат. Эгер чиркейге каршы каражат көзгө, оозго же мурунга кирип кеткен болсо, тез арада муздак суу менен жууш керек.

Андан тышкары, саякатта же табиятта эс алуу учурунда чиркейлерден дагы, кенелерден дагы, туура тандалган кийим универсалдуу коргонуу каражаты боло алат. Дененин ачык жерлерин максималдуу жаба турган ачык түстөгү, тыгыз, жендери узун жана капюшону бар кийимдерди кийгиле.

Аллергия

Айтып өткөндөй эле чиркейдин шилекейи чаккан жерде кытышууну, кызарууну жана шишикти пайда кылат, кээ бир учурларда оор аллергиялык реакцияларды. Чиркейдин шилекейинде кандын айлануусуна тоскоолдук кылган антикоагулянттар бар. Ошондой эле чиркейдин шилекейи менен чиркей ташып жүрүүчү ар кандай оорулар адамга берилет.

Сейрек учурларда чиркейдин бир гана чагып алуусу көп күндүк шишикке, жогорку температурага, ыйлакчалардын пайда болушуна, кусууга жана башка оор аллергиялык реацияларга алып келиши мүмкүн.

Чиркейдин шилекейине болгон организимдин сезимталдуулугу наристелерге, иммундук системасы төмөн адамдарга, алергиктерге өзгөчө тиешелүү, ошондуктан мындай адамдардын жанында сөзсүз түрдө антигистаминдик препарат болуусу зарыл.

Чиркей чагып алган наристелериди да байкап туруу зарыл, анткени, алар өзүлөрү билбей, чаккан жерди тырмап атып, инфекция киргизип, же ооруган жарага айландырып салышы мүмкүн.

Эгер чиркей чаккан жер кызарып чыкса:

-Чагып алган жерди аллергияга каршы крем же гель менен иштеп чыгуу керек.

-Антигистаминдик препарат кабыл алса да болот.

-Кытыштырып жаткан жерге муздак компресс же муз басыңыз

-Чагып алган жерди соданын сууга аралашмасы менен нымдап туруңуз. Жарым стакан сууга бир кичинекей кашык сода.

Чиркей чаккан жерди канаганга чейин тырмаганга такыр болбойт! Инфекция кирип, ириндеп кетиши мумкун.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)