Чие

Чие (Cerasus) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дарак же бадал. Бийикт. 2-3 м. Жалбырагы жөнөкөй эллипс формасында, кезектешип жайгашат. Учу тишчелүү болуп, үстү жалтырак, өңү күңөрт – жашыл, уз. 5-8 см, жалбырак сабы 5 см. Гүлү ак, кызгылт топ гүлдүү, кайчылаш чаңдашат. Май айында гүлдөйт. Мөмөсү ширелүү, бир данектүү. Дүйнөдө 150, анын ичинде КМШда 25, Кыргызстанда 4 түрү белгилүү. Бат өсүп, кургакка, суукка жана көлөкөгө туруктуу, о. эле газга, түтүнгө чыдамдуу келет, гумуска бай, борпоң, кумдак жерде жакшы өсөт. Эрте мөмөлөп, жыл сайын мол түшүм берет. Мөмөсүндө 7,3-17,5% кант, 08-2,4% к-та жана түрдүү витаминдер бар. Жаңы кезинде желет жана кыям, компот, шире кайнатылат. Кадимки чийенин жапайы түрү жок. Өстүрүлмөси дарак жана бадал болуп бөлүнөт. Кыргызстанда Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө, Ош областында Ч-нин Люб, Самаркан, Шпанка, Растунья сорттору өсөт. Кыюу асты үчүн бардык сорту пайдаланылат. Балдуу өсүмдүк.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)