Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чепкен

Чепкен — «Алдына ат тарткан, үстүнө чепкен жапкан» (макал). Бул — сырт кийим. Башкы кийит. Анын жердигин уздар таардан да, кездемеден да тандашат. Суп чепкен төөнүн жүнүнөн чарык жиптей ичке ийрип, аны оңго-солго чыйратып, өрмөк аркылуу таңдайлаштырып, эндүү согуп, муну бычып, жалаңкат ичтеп тигилген. Аны «төө чепкен» деп да атайт. Кийим мала күрөң тартып, ачык маанайды берет да, ошончолук бышык болот. Койдун жүнүнөн, кебезден ичкерээк ийрип, жалаң бир өңдө же эки-үч өңдө күзүктөп, аркак салуу аркылуу согулуп да чепкен тигилет.

Чепкен чапандан көөлгүй кенен тигилет да, ичтелип, ага жүн менен кебез калыңыраак салынат. Буга бүчүлүк менен топчу кадалат. Азыр чепкен-чапан, чапан - чепкен аралаш мааниде колдонулууда. Мал чарбачылыгын арка тутуп, көчүп-конуп, жашоо-тиричиликтерин өткөргөн кыргыз элинде жалаң жүндөн жасалган чепкен наркка өткөн. Тепме чепкенди «таар чепкен» деп айтат.

Тепме чепкенди — өрмөктө кезек согулган таарды кайнатып, кадимки кийиздей киргизип, тепкилеп, басып сыйдалта жасаган. Пиясы чепкен жеңил да, сыйда да болот. Кездемелердин жердигине карата — бөз чепкен, нооту чепкен, чий-баркут чепкен, баркут чепкен, кымкап чепкен, парча чепкен, трайке чепкен деп айтылат. Булар тигилишине карата басма чепкен, шырыма чепкен, жалаңкат өңдүүлөргө бөлүнөт. Азыр өнөр жай ишканаларында элге эң керектүү буюмдардын жана кийимдердин катарында чепкен менен чапан тигилүүдө. Анда бул эки сырт кийимдин айырмалары анча баамдалбайт. Булардын негизги жердиги кездемеден болот. Чапанга караганда чепкенди жалаңкат эле ичтелген тукаба, баркут, чий-баркут чепкендерге көркөм сайма көчөттөрү түшүрүлүүдө.

Аялдар үчүн тигилген чепкендин жердиги адими кездемелерден тандалат. Анын жакасына, өңүрүнө жана этек-жеңдерине баалуу аң терилери бастырылат. Мында үй ичинде, эс алуу жайларында дөөлөт катарында жүрүүгө шартташкан. Мунун жердиги кара, жашыл, көк, кызыл тас баркуттан жана чий баркуттан тандалып, анын өңүнө карата көркөм көчөттөрү түшүрүлүүдө. Кара баркутта кызыл кочкул кандайдыр басмырттыкты пайда кылат. Элдик «ит куйрук оюмун» чийип, сайма көчөттүн геометриялык жактан татаал айкалыштарын берүүгө да болот. Анда чийимди жоонойтпой, бирдей ичкеликте алып, уздар кыялданта берет. Чепкендин — чапандын жакасына өзүнүн энине карата көчөттү ичкерээк берүү кооз сыяктанат.

Өңүрүнө, этегине жана жеңинин учуна түшкөн көркөм саймалар бирдей көрүнөт. Кийимдин эки каптал этегиндеги берилген көчөттөр буюмдагы жалпы кооздукту өзүнө оодарып, төгөрөктөлө шарттуу имерилет. Ошондой эле кара баркуттагы түшкөн саймалардын жээгиндей берилген, анча жыш салынбаган негизги көчөттөрдү толкун сызыктар, же «чычкан изи» сымал актан «суу» (көчөттөрдүн араларын бөлүп турган жол) берүү менен буюмдун ажарын ачуучу кооздукту кашкайтып таштоого болот. Буюмдун жердиги көк баркуттан турса, мунун жиби кызыл кочкул өңдөн тандалса, «бычак учу», «бармак боочу» жана «мүйүз» оюмдарынын элементтерин ич ара шарттуу алып, алардан бутакчаларды, сабакчаларды чыгарып, көл толкуну сыяктуу «кыялдантып» кармалат. Муну тегерете курчоочу «суусу» сары менен кызылдан болот.

Эгер кызыл кочкул, күрөң кызыл сымал өңдөр буюмдун сайма көчөттөрүнүн негизин түзсө, анда анын жүгүртүлүүчү «суусу» же «ала мончогу» (көчөттөрдү айырмалап турган түр) актан болсо, чакчайыңкы келип, түшкөн көчөттөрдү өзүнө оодарып алат да, анча жагымдуу таасир калтырбайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)