Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Чек араны санитариялык коргоо

Чек араны санитариялык коргоо — өлкөгө карантиндик жугуштуу ооруларды киргизбөө максатында жүргүзүлгөн администрациялык, санитариялык жана эпидемияга каршы чаралар. Карантин оорулары өтө тез тарап, көбүнчө өлүмгө учуратат, аларга чума, холера жана башкалар кирет. Карантин ооруларына кирүүчү жугуштуу оорулардын тизмеси эл аралык макулдашуулар менен аныкталып, белгилүү шартта өзгөрүлүп турат. Чет өлкөдөн келген кишилер (ооруну жугузуп алып, бирок клиникалык белгилери али жок — билинбеген мезгил) карантин ооруларын алып келиши мүмкүн. Санитариялык жана эпидемияга каршы чараларга чет өлкөдөн келген кишилерди медициналык текшерүү, жүктөрдү жана транспортту санитариялык кароо, ноокасты ооруканага жаткыруу, оорулуу деп күнөм санаган кишилерди жана оорулуу менен бирге болгондорду да бөлүү; транспорт жана күнөм саналган жүктөрдү дезинфекциялоо, карантин оорулары жолугуучу өлкөгө бараткандарды алдын ала эмдөө жана башкалар кирет. Бул чараларды атайын санитария жана эпидемияга каршы мекемелер (санитария-карантиндик пункт) уюштурат.

Алар аэропорттордо, деңиз жана суу портторунда, чек ара пункттарында жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)