Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Чатыркөл минералдуу суусу

Чатыркөл минералдуу суусу



Нарын облусунун Атбашы районундагы дарылык касиети бар минералдуу муздак булактары. Чатыркөлдүн түштүк жээгинде деңиздеңгээлинен 3520,4 м бийиктикте жайгашкан.1935-жылдан белгилүү 1952-54 жж. толук изилденип дарылык касиети химиялык составы аныкталган. Натыйжада 12 булак,4 көлмөчө,23 бургулоо көзөнөгүнөн жогору концентрациядагы көмүр кычкыл газдуу минералдлуу суу табылган. Суу силур мезгилинде пайда болгон акиташ жана кремнийлүү сланец тоо тектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолгон. Гидрокарбонат-кальций-магнийлүү. Микроэлементтерден стронций менен литий көп кездешет. Бөйрөк, ичеги карын ооруларына пайдалуу. Ал "Арашан" минералдуу суусу деген ат менен бөтөлкөлөргө куйулуштурулуп суусундук катары жергиликтүү соода тармактарына жана дарылоо мекемелерине чыгарылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)