Чарчоо

Чарчоо — организмдин физиологиялык абалы. Ал өтө көп иштөөдөн белгилүү убакыттан кийин ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Акыл эмгегинен чарчаганда эмгектин натыйжалуулугу төмөндөйт, кунт коюу начарлайт жана башкалар Кара жумуштан чарчаганда булчуңдардын иштеши начарлап күчү азаят, кыймылдар сейректеп, иш-аракет төмөндөйт, кыймылдын ыргагы, тактыгы, координациясы бузулат. Эгерде киши чарчаганына карабай иш - аракетти бир деңгээлде уланта берсе, бул кызматтын аткарылышы нервдин өтө күчтөнүүсүн талап кылып, күч көп кетет. Бара-бара иштөө күчү төмөндөй берет. Анда кишинин иш-аракетке болгон жөндөмү начарлап, эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Чарчоо иш-аракеттин талабына организм кубатынын шайкеш келбей калгандыгынан келип чыгат.

Чарчоонун пайда болуу ылдамдыгы иштин күчүнө жараша болот. Иштин түрү да маанилүү роль ойнойт. Өзгөчө дайыма бир калыпта турганда булчуңдарга өтө күч келип, киши тез чарчайт. Чарчаганда булчуңдарда татаал физикалык-химиялык жана биохимиялык өзгөрүүлөр (гликогендик, кычкылтектин азайышы, көмүр кычкыл газынын жана башкалар көбөйүшү) жүрөт. Ишке жөндөмдүүлүк жумуштан кийин гана төмөндөбөстөн түрдүү оорулардан же иштеги жагымсыз шарттарда да болот. Ошондой эле эмгекке болгон мамиле да чарчоодо чоң мааниге ээ. Катуу ооруп айыккандар тез чарчап, бир аз иштегенден кийин эле башы ооруп, демигип, жүрөгү тез кагып, тердейт, алы кеткенсип, ишке жөндөмү төмөндөйт, чарчаганы бат тарабайт.

Мындай кишилер көбүрөөк эс алууну талап кылат. Балдардын организминин анатомиялык физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу алар тез чарчайт. Туура эмес күн тартиби, бир түрдүү сабак, эмгек жана башкалар бат чарчатат. Балдардын эки мектепке баруусу, бир нече кружокко катышуусу жана башкалар аларды өтө чарчатышы мүмкүн. Чарчаган балдар бир нерсеге көңүл койбой, сабакта сүйлөшүп, тартип бузат. Кээде, айрыкча ооруп айыккандан кийин балдар шалдырап, жай кыймылдап, алы кетет, сабак окуганда башы ооруй баштайт. Эгер балдар эч себепсиз эле чарчаса врачка кайрылуу керек.

Жетишсиз эс алуу же узакка күчтөнүп иштөө өнөкөт же өтө чарчоого алып келет. Акыл эмгеги менен көп иштегенде (нерв системасынын белгилүү түрүндө) невроздор өөрчүшү мүмкүн. Айрым кишилерде психикалык чарчоо байкалат. Өтө чарчоо — патологиялык процесс, аны көпкө созулган эс алуу жана дарылоо менен гана жоготсо болот. Чарчоонун терс натыйжасы менен күрөшүүдө, өндүрүштө көп күч жумшалуучу иштерди механикалаштыруу, айлана-чөйрөнүн шартын (желдетүү, жарык берүү жана башкалар) оңдоо, эмгек менен эс алуу режимдерин киргизүү чаралары жүргүзүлөт. Чарчоону алдын алууда жана ишке жөндөмдүүлүктү арттырууда эмгектин эмоциялык жагы чоң мааниге ээ. Оң эмоциялар эмгекти тездетип, ишке жөндөмдүүлүктү арттырып, чарчатпайт.

Бала кезден эмгекти сүйүүгө, ага машыгууга тарбиялоо ишке жөндөмдүүлүктү күчөтүп, чарчоону азайтат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)