Чапандын ичинде мен бар болчумун

-Апенди, түндө силердин үй күрсө-тарс эле болуп атты, эмне болду? - деп, кошунасы сураса, Апенди: - Эчтеме деле болгон жок. Аялым өтүп баратып, менин чапаныма чалынып, кулатып алды, - дейт. - Койчу, кантип эле чапан түшкөнгө ошончо күрсө-тарс болсун? - деп, кошунасы жакасын карманат. - О, кокуй-оой! Акылы бар адам өзү эле түшүнүшү керек: чапандын ичинде мен бар болчумун! - деген имиш Апенди тигинин макоолугуна кыжыры келип.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)