Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Чаңгыр-Таш нефть-газ кени

Чаңгыр-Таш нефть-газ кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 30 км батыш тарапта, Акман адырларынын түштүк этегинде. 1932-жылдан белгилүү. Кен аймагын неоген, палеоген жана бор мезгилдеринде пайда болгон чопо, кумдук, алевролит, доломит жана акиташ тектери түзөт. Нефть менен газ палеоген мезгилинин майда бүртүкчөлүү, ачык күрөң, агыш боз түстөгү кумдук жана акиташ тегиңде топтолгон. Кабаттардын орточо калыңдыгы 25,16 м. Нефтинин тыгыздыгы 0,877 г/см3, рафиндүү акциздик чайырлар 28–32%. Бургулоо көзөнөгүнөн нефтинин чыгышы суткасына 0,8–2,1 т. Кен кабаттарынын аянты 2,8´3,7 кмге жетет. Газ нефть менен кошо чыгат. Салыштырма салмагы 0,82 – 0,87, курамында 70 – 80% метан, 11% азот бар. Кен 1938-ж. иштетилип келе жатат. 1997-жылга карата нефтинин запасы А+В категориясы боюнча 380 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)