Чаңгет-Суу доломит кени

Чаңгет-Суу доломит кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 11 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 580–750 м бийиктикте жайгашкан. 1952–53-ж. «Средазуголь» трести тарабынан чөкмө таш катары чалгындалган, 1982–84-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы кооздук дубал ташы катары кайра чалгындаган. Кен ортоңку палеоген мезгилинин кум-чополуу катмарларынын алай жана түркстан катмарчалары менен байланышкан. Доломит кабаты такта сымал формада жатат жана эки түрдөн турат: алдында 1,1 м калындыктагы боз-агыш мергелдүү доломит калыңдыгы 5,4 м болгон кызгылт өңдөгү доломитке өтөт. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,12 г/см3, көзөнөктүүлүгү 24,38%, суу сиңирүүсү 7,81%, үстүнөн басылгандагы бектигинин чеги кургак абалда 27,91 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 16,72 МПа, жумшаруу коэффициенти 0,625. Дубал ташы катары орточо чыгышы 50,5%. Бир м3 блоктон 14,6 м3 каптама ташы чыгат. Кесиле турган дубал ташы жана доломиттин каптама ташы катары бекитилген запасы: А категориясы боюнча – 772,6 миң м3, В – 295,0 миң м3, А+В – 1067,6 миң м3, С2 – 750,6 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)