Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана кой

Баш барак | Гороскоп | Чаян жана кой

Кой жана Чаян - бул оң таасирлүү жана чыгармачыл биримдик. Үй-бүлөөнүн жакшы варианты бул - Чаян аял киши жана Кой эркек болгондо. Жөн эле жакшы үй-бүлөө болбостон, булар чыныгы эмгекчил коллектив. Бир максатка жана ийгиликке умутулуу менен бир болууга даяр.



Бул эки белгинин өкүлдөрү тең, ишмердүүлүк, кубаттуулук жана максаттуулук сапаттарына ээ. Алар өзүнүн кубаты жана эмгекчилдиги менен бири-бирин толуктап турат. Ушундам улам бул экөөнүн никеси дагы-дагы күчтөнө берет. Чаяндарда сезимталдык абдан көп, ал эми Койлор болсо күч-кубатка бай. Ошондуктан үй-бүлөөдө Койлор - алга сүрөөчү локомотив, Чаян болсо багытоочу эс-акыл болот.



Экөө тең өзгөрүүлөргө жана кайра жаралууларга суусап турат. Мындай биримдик күн өткөн сайын өзгөрүп турат, бирок кайсы жакка өзгөрөөрү белгисиз. Укмуштай бийиктиктерди багынтат, же абдан төмөн тушуп калышы мүмкүн. Кандай гана болбосун, ушундай мамиле аларга керек, антпесе, алар жашоодо бирге кадам шилтешбейт. Кой дагы, Чаян дагы тынч жана бейкапар жашоого чыдабайт, аларга жаңы окуялар жана дайыма эбегейсиз чоң адреналин бөлүнүп турушу керек.



Койлор абдан эмгекчил, а бул өзгөрүлүп туруучу Чаяндын кыжырын келтириши мүмкүн. Чаяндар туруктуулукка көнгөн эмес, ошондуктан ага дайыма жаңы иш-аракеттерди жасап, алдыга гана кадам шилтеп туруусу керек. Койлорду дал ушул Чаяндар жашоодогу чоң өзгөрүүлөргө ийет.



Ал эми сүйүүдө болсо, булар такыр ар башка. Абдан сезимталдуу Чаян, аябай артыкчылыктуу Койду түшүнбөйт. Бирок, Койлор өзүн курмандыккка чалуу менен барыбир Чяандарга тартылып турат. Бул биримдиктин уланышы үчүн Койлор, сезимталдуу мамилелер, ошондой эле сексуалдык жактан Чаяндарга орун берүүгө аргасыз болот.



Жашоонун материалдык жагы экөөнүн тең кызыгуусун жаратат, экөөнүн кубаты жана мүмкүнчүлүгүнө себептүү, көптөгөн жыргалдыктардан баш тартпайт. Чаяндын ийгилиги, жөнөкөй Койду дубалап таштайт. Бирок, сүйүү күрөшү жана жеңүүлөрүндө, Койлор артта калбайт, жана өзүнүн жетишкендиктери боюнча Чаяндан өйдө болуп, же ылдый түшүп кетпейт.



Албетте, бул мамилелерде да өз оорчулуктары бар. Бул экөөнүн ортосунда көптөгөн окшошпостуктар бар: ар башка кызыгуулар, ар башка достор, ар башка умтулуулар. Бирок, бири-бирин түшүнүү менен жана бири-бирине тоскоолдук жаратпай, өз кызыгуулары үстүндө иштесе, алар чогу жашап, нике жаатында бактылуу болот. Чаяндар Койлордун үстүнөн билгизбей башкаруусу керек. Чындыгында, башка бирөөсү ээ боло албаганга - экинчиси ээ болуу, дал ушул, мамиле куруулардын искусствосу болуп эсептелет, мындай иштер ар бирөөнүн эле колунан келе бербейт. Бул тармакта чоң ийгиликтерге жетүү үчүн, өз үстүңөрдөн иштегенди билүү зарыл, ошондо натыйжа өзүн күттүрбөйт.



Койлор менен Чаяндарга, күч-кубат берип, алга сүрөп турган Марс планетасы алдында турушат. Бул экөөнүн планетасы бир болгондуктан мамилелердин бекемдөөсүнө жана андан аркы өнүгүүсүнө оболго болот. Компромисске бара билүү, жана бир тыянакка келүү, экөөнүн ортосунда чыккан оорчулуктарды жеңүүгө жардам берип, чындыгында күчтүү жана узак мөөнөткө созулган биримдикти жаратат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1281, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо