Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана букачар

Баш барак | Гороскоп | Чаян жана букачар

Натурасы боюнча Букачарлар абдан сезимталдуу жана берилген болот. Булардын жашоодогу энергиясы жана эрдиги каалаганды кызыктырат. Эң башкысы Букачарлар менен мамиле түзүүдө шашпоо зарыл, антпесе, өзүңөрдүн шашмаңар аркылуу аларды үркүтүп жибересиңер.



Мамилелердин башында Букачар-айым тырышчаак жана өзүнө ишенген Чаяндар менен өзүн кантип алып жүрүүнү билбейт, анткени бул айым Чаяндардын сексуалдуулугу жана кандайдыр бир ырайымсыздыгы жөнүндө көптөгөн нерселерди уккан болот, өзгөчө алардын абдан кызганычтуулугу жөнүндө. Жана бул көп учурда аша чапкандык болбойт.



Букачар-айымдар үчүн сезимдеринин физикалык көрсөтүүлөрү жашоосунда абдан керектүү, ошондуктан Чаяндардын сексуалдык активдүү мүнөзү эң жакшы туура келет. Эгер Букачар-айым Чаян-мырза менен сүйүү мамилелерине кадам шилтесе, анда, шексиз, бардык сезимдерди Букачарлар ашыгы сезүүгө жетет.



Бирок, чайыттай жарык болгон Чаян белгисинин өкүлдөрү узак мөөнөттүү мамилелерге мүмкүндүгү жок, анткени, алар үчүн жаңы таасирлер жана ар түрдүүлүк маанилүү. Букачарга болсо, туруктуулук жана узак мөөнөттүүлүк маанилуу. Эгер бул түгөйдүн өкүлдөрүнө бир нерселер жана бир адамдар гана кызыктуу болсо, булардын мамилесинде түйшүктөр жаралбайт.



Букачарлардын жана Чаяндардын сүйүү мамилелери идеалдуу деп эсептесек болот. Мында дайыма берилгендик жана сезимталдуулуктар көп болот. Анын ичинде сүйүү да, жек көрүү да. Түгөйлөр бири-биринин наркын жана кемчиликтерин эң жакшы билишет. Жана эгер, булар, бир багытта бара жатса да, барыбир экөө эки тарапты карашат. Анткени, карьерага жана акчага болгон көз караштары булардыкы ар башка. Чаяндар кантип акча табууну билишет, ал эми Букачар болсо акча тапканды гана эмес, кантип аларды коротуу керектигин билишет. Мындай никеде түйшүктөр көп эле болот, бирок чыныгы сүйүү жана байлангандык жылдар бою тарабайт. Бардыгы өнөктөштөрдүн өзүн-өзү реализациалоосунан жана үй-бүлөөдө кандай материалдык жайлуулук болоорунан көз каранды болот, антпесе, булар чечилбеген мамилелерге, тастыкталбагандыктарга, бири-бирине болгон нааразычылыктарга батып калат.



Булар бири-бирин сөзү жок эле, өнөктөшүнүн сөзмө-сөз айтканда эмнени ойлоп, эмнени сезип турганын жакшы түшүнөт. Бирок мындай жакын мүдөөлүк байланышта болуу менен мамилелердеги жаңыланууну көп убакытка чейин кармап калуу оор, ошондуктан бекем үй-бүлөө куруу үчүн аракеттенүүгө туура келет. Анткени, биргелешкен тиричилик жана чексиз түйшүктөр мындай бийик мамилелерде жарака жаратышы мүмкүн. Бирок мындай мамилелерде дайыма физикалык байланышка орун болот.



Эгер Чаяндарды көп убакытка өзүңөргө байлап алгынар келсе, өзүңөрдүн маанилүү экениңерди сездирүүгө мүмкүндүк бергиле, Чаяндарсыз бир да кадам шилтебеген өзүңөрдүн шериктешиңер кылып алгыла. Анткени, Чаяндарда Букачарларда жок көптөгөн сапаттарга ээ, жана булар дайыма жардамга келип же кеңеш берүүгө даяр болот. Чынчыл жана адилеттүү Чаяндар адилетсиздикти абдан жакшы сезет, жана дайыма алсыздарга камкордугун көрсөтүп, жардам берет.



Бирок Букачарларга аз убакыт ичинде Чаяндардын башкаруучулук маанайы жана чексиз буйруктары тажата баштайт.



Ал эми Чаяндарды болсо, Букачарларга абдан маанилүү болгон жайлуу жана туруктуу жашоосу жадатат. Компромисстерди издей жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү мүмкүндүктөрү Чаян менен Букачарлардын көптөгөн жылдарга созулуучу бактылуу жашоону алып келүүчү шериктештикке алып келиши мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1178, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу