Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана бөйөн

Баш барак | Гороскоп | Чаян жана бөйөн

Чаяндар менен Бөйөндөр ортосунда табияттан бийик турган инстинктивдүү өз ара түшүнүү жашайт, а бул алардын мамилесин бекемдебей койбойт. Эгер булардын бирөөсү өнөктөшүнүн кемчилигине ээ болбосо да, аны түшүнүп, ага боору ооруйт.



Буларды чынында эле бири-бирине тартып турат, булар сүйүүчүлөр да, достор да, шериктеш да жана коллегалар. Булардын максаты жалпы, бул - сезимдерге жетүү, бирок Бөйөндөр сезимдерге акыл-эстен барат, ал эми Чаяндар болсо сезимдеринин жана инстинктеринин хаосунан кесип алат. Ошондуктан жыйынтыкка ар башка жолдор менен келгенине карабастан, окуяларга булар бирдей көңүл бурат. Ишке киришүүнүн ар түрдүүлүгү сөзсүз түгөйлөр арасында өз ара кызыгууларды жаратат. Чаяндардын сүйүүсү Бөйөндөргө мүдөөлүк жактан өсүүгө жардам берет, анткени Чаяндар өз түгөйү үчүн сүйүү да, чыгармачылык да, жана сезимдердин жанылануусу. Бөйөндөр да Чаяндар үчүн мүдөөлүк изденүүлөрдүн булагы жана себеби болот.



Булардын экоо тең жакшылыкты да, таарынычты да эсинде жакшы сактайт. Бирок Бөйөндөр жалгыздыкта калканына жашынып алып, өзүнө өзү ыйлаганды каалайт, ал эми Чаяндар болсо "көзгө көз, тишке тиш" принциби менен иш алып барып, кетип калган сыяктуу болуп кетип калса, сөзсүз кайра кайтып келет. Келет дагы, өч алат. Бөйөндөр менен Чаяндар кечиргенди билбейт, бирок бул, бактыга жараша, өз ара мамилелерге тиешеси жок.



Бул никенин фундаментинин бекемдигин берилгендик жана жалпы максаттарга жана идеалдарга берилип кызмат өтөө түзөт. Оор кырдаалдарда булар сөзсүз бири-бирине жардамын көрсөтүп, биргеликте булар жаман эмес иш алып барышат, анткени бул түгөйдөгү түшүнүү - жарым сөздөн жана бир караштан. Мындай сапаттар финансы жаатында да пайдалуу. Чаяндарды башкы маселе болуп кантип акча табуу керек деген суроо кызыктырат, Бөйөндөрдү болсо - кантип аларды жоготуп албоо керек деген суроо толкундатат. Булардын акыл-эстүүлүгү жана бул жааттагы өз ара түшүнүү менен бөлүштүрүү бул үй-бүлөөнү шексиз финансылык ийгиликке алып келет.



Эгер үй-бүлөөдө Бөйөндөр - мырза, ал эми Чаяндар - айым болсо, анда үй-бүлөө башчысы Чаяндар болот. Аялы моралдык жардамды жана коргоону камсыздап, күйөөсү камкордук жана жылуулук менен жооп берет, а мунун жыйынтыгы үй-бүлөөлүк гармония жана тынчтык болот.



Эгер бул түгөйдө Чаяндар - мырза жана Бөйөндөр - айым болсо, анда эч кандай маселелер жаралбайт. Бир гана нерсе, аялы күйөөсүнүн кызгануусун жана оюнун өзгөртүлгүс экенин эске алуу зарыл.



Булардын жашоосунда маанилүү ролду балдары ойнойт, бактылуу, же балким кайгылуу. Булар абдан балалуу болууну кааласа да, алардын балалыкка болгон мамилелери каршылык көрсөтөт. Өткөндөрдү Бөйөндөр аярлык менен сакташат, Чаяндар да артка кайрылуудан баш тартпайт.



Булардын экооно тен, өзүнчө болобу же бирге болобу, реалдуулуктан качуунун кандай гана формасы болбосун алыс жүрүү абзель, буларга: алкоголь, банги заттар, гипнотикалык жана арбак сеанстары жана сексуалдык ачык эместиктер кирет. Мындай учурда булар тез эле баткакка чөгүп кетет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1212, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо