Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян айымдар

Баш барак | Гороскоп | Чаян айымдар

Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдар акылдан адаштырууга чейин өзүнө тартып, сырдуу болот. Сокур эсинде булар өзүн айым эмес, мырза сезип, бирок ошого карабастан булар чыныгы суктануунун жана аялдык сапаттардын так өзү экенине терең ишенет. Өзүнө жүз пайызга ишенип, кээде кежирликке чейин сыймыктуу болуп, Чаян-айымдар өзүнүн сезимдерин жана каалоолорун башкара билет. Кандай гана учур болбосун, башкарууга аракет кылат. Ошондой эле булар өзүнө уялчаак жана назик адамдын маскасын кийип, башкаруу жана буйрук берүү сезимдерин катып, аларды жүгөндөгөнгө аракет кылат. Булардын ичинде катылган мырзалык сапаттар бар, жана ал жагын Чаян-айымдары айланасындагылардан, кээде өзүнөн да катат. Бирок көп учурда андай маскасы булардын жүзүнөн учуп кетет, жана мындай кырдаалда мындай айымдар менен, кооптуу болуп, бир мүнөттөн кийин кандай сезимдерди жиберерине даяр болуу зарыл.



Суктандыруучу жана кызыктыруучу Чаян-айымдары өзүн тартуулаганды билип, сөөмөйдүн эки чертилиши менен мырзалардын көнүлүн өзүнө бура алат. Өзүнүн сырдуулугу жана сулуулугу менен мырзалардын бутунан башына чейин ороп, көңүлдөрүн кайырмак менен илгендей илип алып, чөгөлөтүүгө мажбур кылат. Булар дайыма учурду так баамдап, башкалар тарабынан алдап кетишине эч качан жол бербейт.



Мындай айымдар көп учурда "тагдырга жазылган" айымдардын түрүнө кирет. Чебер сезимталдуулук абдан катуу сүйүүгө, ошол эле убакта абдан катуу жек көрүүгө аргасыз кылат. Өзгөчө адамдарды кызыктыруучу талантка ээ болуп, булардын тегерегиндеги мырзалардын денесинен кумурскаларды чуркатат. Өзүнүн чыныгы натурасын назик жылмаю жана уялчаак иш-аракеттер аркасында катып, булардын түгөйлөрүнө дайым кооптуу болуп, заматта периштеден шайтанга айлануусун күтүү зарыл.



Чаян-айымдар аларды кызганганды абдан жек көрүп, бирок өзүлөрү болсо жинди болгуча кызганат. Ал гана эмес булар өзүмчүл болушу мүмкүн, бирок эч качан бирөөнүн өзүмчүлдүгүнүн жекеси болбойт.



Чаян-айымдар канчалык адилеттуу болсо, ошончолук деңгээлде өч алгыч да болот. Эгер булардын кадырына тийип, же алдап койсо, булар ошого тете мамиле жасап, кээде андан эки эсе кылат. Бирок, өзүнө боорукердикти жана камкордукту сезсе, булар жооп кайтарып, боорукер жана камкордуу болот.



Мындай айымдар эч кимге бербей, колунан коёбербеген амбицияга жана эрктүүлүккө ээ болгон күчтүү мырзаларды издейт, бирок ошону менен бирге индивидуалдуулугун сактоого аракет кылат.



Айтып коюуу керек, Чаян-айымдар ушунча алоологон натура болуп, кээде андай сезимдерден күйүп, айланасындагыларды да күйүүгө мажбур кылат. Сезимдүүлүк булардын бардык иш-аракеттеринде бар, ошону менен бирге бул сезимдүүлүк ар-түрдүү өңдөргө боёлот. Эгер булар бир ишти баштаса, анда булар эч качан көңүл кош болуп же кызыгуусун жоготууга барбайт. Анткени булар нейтралдуу мамилени сактай албайт. Чаяндар-айымдар бут жан-дүйнөсү менен кабыл алат же кыжырлануу өзүнөн алыс түртүп, көңүл бурбайт.



Өзүнүн кемчиликтерине карабастан, Чаян-айымдар дайыма таза жана күчтүү бойдон кала берет. Ар кандай жашоо окуяларын башынан өткөрүп, булар өз билимин жана тажрыйбасын байытып, андан соң аны келекчекте курал сыяктуу колдонот. Булар өзүнүн сырларынын эшигин чоочундарга ача бербейт, бирок көп учурда бул эшикке көптөгөн адамдар келип, өз сырларын калтырып кетишет. Булар дайыма бирөөнү угуп, бирок өзүлөрүнүн сырдуу жан-дүйнөсүнүн бир бөлүгүн эч кимге тийгис кылып, башка көздөрдөн сактап, эч качан ачпайт.



Чоң максаттуулукка, бекем чыдамдуулукка жана өзүнүн жеке кадыр-баркына ээ болуп, өзүнүн күчтүү мүнөзүнө себептүү, булар чыныгы сыйга татыктуу адамдарга гана ишенимдүү болуп, ошол эле убакта булар алсыздарга көңүл бурбай, алар жакка көз кырын да түшүрүп койбойт. Булар, кичине, адамдардан бөлүнгөн болуп, бирок дайыма күчтүү бойдон болот.



Үй-бүлөөлүк жашоосуна кайрылсак, Чаян-айымдардын мындай мамилелерге өзүнүн мыйзамдары бар. Бирок эгер булар чынында бирөөнү сүйүп калса, анда булар башкалар эмне деп айтаарына карабастан, биртуугандарынын эмне деп кеңеш берерин укпастан, өз сүйгөнүн терең сүйүп, терең урматтайт. Ал гана эмес, булар өз түгөйүнүн келечеги үчүн, өзүнүн карьерасын же сүйүктүү ишин курмандыкка чалышы мүмкүн. Өз натурасынын абдан берилгендигине карабастан, булар үй-бүлөөлүк мамилелерди сактап, өз күйөөсүнө бардык жактан жардам кылуучу, чыдамдуу аял болот. Балдарына болсо, мындай айымдар өзгөчө назик эне болбойт, бирок дайыма камкордуу болот. Чаян-айымдар балдарын кайраттуулукка жана жашоонун катаал шарттарында тиричилик кылууга үрөтөт.



Активдүү жана барктуу, токтоо жана талаптуу, кыжырлуу жана тынч мүнөз, кызуу кандуу жана ойчул, кызыгуучу жана көңүл коштуу, байкоочу жана шылдың кылуучу бул айымдар дайыма карама-каршы болот. Бардык тоскоолдуктарды женип, кандай гана түйшүк болбосун, бардыгын чече билип, булар эч качан мүдөөлүк жактан чөкпөйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 2663, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо