Чачты күтүү

Башты ысык суу (агын суу жакшы), жаан суусу же кайнак суу менен жууган жакшы. Суу шор болсо, жумшартуу үчүн ага ичилүүчү соданы (1 л сууга /г чай кашык) кошсо болот. Кургак чачты 7 — 10 күндө, майлуу чачты 5—7 күндө бир жолу жууш керек. Майлуу чачты тез-тез жууй берүү май чыгаруусун күчөтүшү мүмкүн. Чачты жууганга «Детское», «Спермацетовое», «Любимое», «Косметическое» жана чачка ылайык шампунь колдонулат; кир самын менен жууганга болбойт. Самындын көбүгүн башка жай, тегерете сүйкөп жууш керек. Чачты чайкаган сууга уксус же лимон ширесин (1 л сууга 1 аш кашык) кошуп койсо, чач жылтырап, үлпүлдөп турат. Сары чачты ромашканын тундурмасы менен чайкаса жылтырап калат. Кургак чачты майлуу самын («Спермацетовое», «Ланолиновое», «Косметическое») жана кургак чач үчүн шампунь менен жууса жакшы; самын ордуна айран же жумуртканын сарысын колдонсо болот.

Айранды башка сыйпап, жоолук салынып, 10—15 мин. өткөндөн кийин ысык суу менен таза жууйт; 1—2 жумуртканын сарысын (агынан бөлүп) суу куюлган дагарага куюп, аралаштырып, чачты жууп, артынан ысык суу менен чайкайт. Чачты жумшак сүлгү менен аарчып кургатуу керек. Жоолук салынуунун кереги жок. Кургак чачка жуурдан бир нече саат мурда өсүмдүк майын сыйпап койсо жакшы. Кыска ч-ты түбүнөн, узун ч-ты учунан баштап тарайт. Кургак чачты этияттап, кесек жана мокок тиштүү тарак менен тароо керек.

Щётка менен тараса, жакшы тазаланат жана чач учуна чейин майланып, баштын терисинде кан айлануу жакшырат. Щётка катуу, бирок тытып кетпегендей болгону оң. Бирөөнүн тарагы менен щёткасын пайдаланууга болбойт. Чачты тез өстүрүү үчүн гигиеналык жана эстетикалык максатта кыркат, ал эми устара менен алуу аны өстүрбөйт. Чачты тармалдоонун алдында башты жууп, өтө кургай электе чачты пиво, лимондун ширеси же атайын суюктук менен нымдайт. Чачты тармалдоого кирпи деп аталган пластмасса бигудилер ыңгайлуу, ошондой эле электр жана ысык бигудини пайдаланууга болот. Бигудинин диаметри чачтын коюулугуна жараша тандалат. Мисалы, көкүл жасоо үчүн чоң диаметрлүү, желкедеги кыска чачка ичке бигуди туура.

Фенди (үйлөтмө тармалдагыч) пайдалануу алда канча ыңгайлуу. Кургаган чачты адегенде тарак, анан щётка менен тарап, каалагандай ороп жасоого болот. Азыраак лак сээп, катырып койсо жакшы. Ч-ты тармалдоодо кыпчуурду да (эки жумада бир жолу гана) пайдаланат. Ал өтө ысык болбоого тийиш. Тармал көпкө сакталыш үчүн кыпчуурга Ч-ты узагырак кармоо, ошондой эле химиялык жол менен тармалдоо керек. Химиялык тармалдоодо колдонулуучу тиогликоль кислотасы Ч-тын түзүлүшүн бузат. Кош бойлуулуктун акырында, этек кир учурунда химиялык тармалдоого жарабайт.

Ч-ты боёо үчүн өсүмдүк боёкторун — хна, басма, көк жаңгактын, пияздын кабыгын колдонуу керек. Химиялык боёктордон Гамма, Риолдун зыяны аз. Каш, кирпиктерди түшүрбөй сактоо үчүн щётканы кастор майына (бир нече тамчы А витаминин кошуп койгон оң) малып, көз сурмасын жеңил массаж жасоо сунуш кылынат. Майды көзгө түшүрбөй, өтө этият жасаган оң. Күн карама, вазелин, зайтун майы да кирпикти жумшартып, өстүрөт. Боёлгон каш, кирпикти түн ичинде жууп салуу керек. Ушул учурда суу менен самындап жууган жарабайт, себеби көздүн тегереги кургап, бырыш түшүп кетет. Ошондуктан өсүмдүк майы, майлуу бет май же жылуу суу менен тазалайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)