Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чачты бат остуруу

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Чачты бат остуруу

Ар бир айымга кооз жана күчтүү чачты бат остуруу керек, бул үчүн кандай каражаттарды колдонууга болот, а кандайлардан баш тартуу керектигин билүү пайдалуу болот.

Чачты бат остуруу

Ар бир бийкеч кооз жана узун чачтар сулуулуктун, назиктиктин башкы белгиси экендигин билет. Кыска чач жасалгалары модадан чыккан, андыктан адамзаттын сулуу бөлүгүнүн көпчүлүгүн үй шартында чачты кантип бат остурууго болору тууралуу суроо кызыктырат.

Бир караганда, бул ишти аткарууга мүмкүн эмес болуп көрүнөт, бирок туура мамиле кылууда каалаган натыйжага жетүүгө болот. Чачка кам көрүү бир гана шампунь жана чайкоочу каражаттарды колдонуу менен чектелип калбоо керек.

Бүгүнкү күндө чачтын кооздугун кармап турууга жардам бере турган көптөгөн ар түрдүү ыкмалар белгилүү. Негизин натуралдык ингредиенттер гана түзгөн масканы колдонууга болот, бирок салон процедураларын, туура тамактанууну жана чачтын өсүүсүнө таасир берүүчү башка көптөгөн факторлорду унутпоо керек.

Чачка туура кам көрүү

Орточо эсеп менен чач бир ай ичинде 20мм ге өсөт, бирок туура кам көрүүдө бул процессти бир топ ылдамдатууга болот. Бийкечтердин көпчүлүгү жаңылыштык кылып, чачтын жай өсүүсүнүн себеби чач түшүү маселеси деп ойлошот, бирок башка дагы себептер бар:

Чачтар туруктуу жана кылдат кам көрүүгө муктаж, анткени ал адамдын организминде болгон өзгөрүүлөргө дароо таасирденет.

Чач остуруу үчүн пайдалуу кеңештер

«Чачты бат остуруу» үчүн бир нече жөнөкөй сунуштарды эске алуу керек:

1.Чачты тез остуруу учун өтө катуу байлоого, чач кысылган жасалгаларын кылууга болбойт. Мындай нерселер чачтын түзүлүшүн бузат, бул болсо анын өсүүсүн жайлатат. Чач эркиндикке муктаж, андыктан тез-тезден аны жайып туруу керек.

2.Башты жууган сайын, чач кичине кургай баштаганда атайын калыбына келтирүүчү май колдонуу сунушталат. Аны кайра жууп кетирбей койсо да болот. Бул каражат түз эле чач тутамына сүйкөлүп, чачка жалтырак түстү кайтарып, учтарынын бөлүнүүсүн алдын алат.

3.Кошумча жыт бергичтер аралашпаган натуралдык йогуртту же чийки жумуртканы сүйкөсө пайдалуу. Оң жыйынтык мындай масканы биринчи эле колдонууда билинет.

4.Чачка кам көрүү үчүн тишчелери жыгачтан жасалган таракты колдонуу сунушталат. Чачты ным кезинде тароо пайдалуу жана ыңгайлуу, анткени бул учурда чачка зыян келбейт жана учтары да бөлүнүп кетпейт.

5.Дени сак жана кооз чачты өстүрүү үчүн убактылуу түрдө боёк колдонуудан жана чач жасалгоодо ар кандай ысык нерселерден баш тартуу керек.

Жыл ичинде чач болжол менен 15см ге өсөт, бирок жогоруда саналган кеңештерди кармануу менен тез арада көркөм жана кам көрүлгөн чачтан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Чачтын өсүүсүн ылдамдатуу ыкмалары жөнүндө

Бүгүнкү күндө чачтын өсүүсүн ылдамдаткан гана эмес, атүгүл кошумча көлөм да берген ар түрдүү көптөгөн ыкмалар жана каражаттар бар. Комплекстүү мамиле кылууда каалаган жыйынтык эки айдан кийин эле билинет, бирок кээ бир учурда оң натыйжаны жарым жыл күтүүгө туура келет.

Албетте, бир нече сааттын ичинде эле чачка чач улоо жолу менен узун чачка жетүүгө болот, бирок бул кызматтын баасы кымбат болгондуктан, дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт.

Чач өстүрүү үчүн туура тамактануу

Чачты бат остуруу учун туура тамактануу

Бүткүл организмдин ден соолугунун ачкычы - бул туура, толук кандуу, жөнгө салынган тамактануу. Анын жардамы менен бир гана салмакты өз калыбында кармап туруу эле эмес, чачтын түзүлүшүн бир кыйла жакшыртууга болот, демек, чачтын өсүүсү да ылдамдайт. Тез тамактануу адаты менен жана ар кандай таттуу токочтор, момпосуйлар менен толугу менен коштошуу керек. Ошондой эле майлуу, туздуу, өтө ачуу тамактарды жана газ кошулган суусундуктарды, дүкөндүн ширелерин колдонууну бир кыйла азайтуу керек, анткени, алардын курамында организмге, анын ичинде чачтын кооздугуна терс таасир берүүчү зыяндуу заттар бар.

Күнүмдүк тамактануу тартибине болушунча көп жер-жемиштерди, жашылчаларды, чөп-чарларды жана ошондой эле курамында көп өлчөмдө йод, калий, магний, цинк, кальций камтылган азык-түлүктөрдү кошуу пайдалуу.

Чачтын өсүүсүнүн ылдамдатууда жана калыбына келтирүүдө Омега-3 май кычкылдыгы алмаштыргыс болуп саналат. Бул заттар көп өлчөмдө балык майында кездешет, аны дарыканадан сатып алууга болот. Бүгүнкү күндө балык майы атайын жасалган жыты жана даамы жок чел кабыкта сатылат, андыктан аны ичүүдө эч кандай жагымсыз сезгенүүлөр болбойт. Май кычкылдыгы, мындан сырткары, жаңгактын ар кандай түрлөрүндө, зыгыр майда жана балыкта бар.

Чачтын жогору кургактыгы жана морттугу организмде суунун жетишсиздигинен улам өрчүйт. Дал ушул үчүн күн бою бир жарым литрден кем эмес таза суу ичүү керек. Бул өлчөмгө чай, шире жана башка суусундуктар кирбейт. Организм үчүн имбирь жана жашыл чайлары, жалбыздын бутакчалары кошулган лимон суусу алмаштыргыс пайда алып келет. Алкоголь жана газ кошулган таттуу суусундуктарды толугу менен чийип салуу зарыл.

Чачты өстүрүү үчүн косметикалык маскалар

Чачты бат остуруу учун маскалар

Бүгүнкү күндө көп өлчөмдө чачтын өсүүсүн ылдамдатууга багытталган көптөгөн ар түрдүү каражаттар бар экенине карабастан, үй шартында жасалган маскалар популярдуулук менен колдонулуп келүүдө. Аларды уй шартында өз алдынча натуралдык ингредиенттерди гана колдонуу аркылуу даярдап алуу оңой. Адатта мындай маскалардын курамына баштын терисине кандын келүүсүн күчөткөн компоненттер кирет. Ошондуктан, мындай каражатты сүйкөгөндөн кийин бир аз кычышуу жана ачышуу сезимдери болушу мүмкүн, бул болсо чачтын түптөрүнүн жандана баштагандыгынын белгиси. Мындай каражаттарды өз убагында колдонуунун натыйжасында чач бир кыйла күчтүү жана жалтырак болуп чыга келет.

Бал менен жасалган маска
Керектелет: Таза бал -1 аш кашык; Майдаланган пияз - 4 аш кашык

Даярдоо: Пияз кабыгынан аарчылып, майда тууралат. Блендердин жардамы менен майдалап тууроого да болот. Пияз бал менен аралаштырылып, пайда болгон курам чачтын түбүнө сүртүлөт. Бир канча мүнөт бою жеңил массаж жасалат. Маска чачта 45мүнөткө калтырылат, андан соң жылуу суу жана балдардын самынсуусунун (шампунь) жардамы менен жуулат. Бул каражат дароо таасир берет жана бир жуманын ичинде чач 1-2 см ге өсөт. Бирок, өтө көп колдонбоо керек.

Сары кычыдан (горчица) жасалган маска
Керектелет: Кайнак суу - 2 аш кашык; Өсүмдүк майы-2 аш кашык; Шекер - 2 аш кашык; Сары кычынын күкүмү (горчица күкүмү)- 2 аш кашык

Даярдоо: Адегенде кургак ингредиенттердин баарын аралаштыруу керек. Кургак аралашмага өсүмдүк майын аз-аздан кошуп, жакшылап аралаштыруу керек. Акырында кайнак суу куюлуп, бардык кошулмалар кайрадан аралаштырылат. Даяр болгон курам баштын терисине сүйкөлөт, анан жылуулуктун таасирин алуу үчүн чач тамак-аш үчүн колдонулуучу челкабык(пищевая плёнка) жана түктүү сүлгү менен оролот. 50-60мүнөт өткөн соң масканы көп өлчөмдөгү жылуу суу жана балдардын суусамыны менен жууп кетирүү керек, бирок бальзам колдонууга болбойт. Майлуу чач үчүн мындай масканы 3-4 күндө бир жолу,нормалдуу чач үчүн жумасына 1 жолудан көп эмес, кургак чачка кам көрүүдө 14-16күндө бир жолу колдонсо болот.

Алоэ ширесинен жасалган маска
Керектелет: Бал - 1 аш кашык; Коньяк - 1 аш кашык; Жаңы алоэ ширеси - 1 аш кашык

Даярдоо: Бардык курамдарды кылдат аралаштыруу керек, анткени жыйынтыгында бир өңчөй аралашмадан турган зат келип чыгышы керек. Даяр болгон курам чачтын дал тамырына сүйкөлүүсү абзел, анын үстүнөн полиэтилен баштыкчасы кийилет жана баш түктүү сүлгү менен оролот. Анан жылуулуктун таасирине ээ болуу үчүн чачты фен менен бир аз жылытуу керек. Маска 45мүнөттөн кийин жуулат.

Лимон ширесинен жасалган маска
Керектелет: Сарымсак - 1 тишче; Лимон ширеси - 1 чай кашык; Алоэ ширеси - 1 чай кашык; Бал - 1 чай кашык

Даярдоо: Сарымсак кабыгынан аарчылып, майда тууралат, андан соң башка ингредиенттер менен аралаштырылат. Пайда болгон курам таза жана ным чачка сүйкөлөт. Маска 40мүнөттөн кийин көп өлчөмдөгү жылуу суу менен, бирок суусамыны жок жуулат. Мындай маскаларды өз убагында колдонуунун жардамы менен чачтын өсүүсү жана жалпы эле акыбалы жакшырат. Чачтын өсүүсүн күчөтүүгө башка дагы процедуралар жардам берет, мисалы, баш терисинин массажы. Бирок, каалаган жыйынтыкка жетүү үчүн мындай процедураларды өз убагында аткарып жана туура тамактанууну унутпоо керек.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-01-08, Көрүүлөр: 21300, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу