Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чаар күсөн

Чаар күсөн (Vormela peregusna), (Guldenstaedt, 1770):

Түштүк-Чыгыш Европанын, Алдынкы, Ортонку жана Борбордук Азиянын талаалары, жарым чөлдөрү жана чөлдөрү. Мурун Кыргызстандын Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Түркстан кыркаларынын адырларында жашаган . Акыркы 10 жылдыкта Чүй өрөөнүндө жана Чаткалдын түштүк тарабында таралышы белгилүү.

Талаалар жана жарым чөлдөр. Дарыялардын өрөөндөрүндө бадалдуу токойлордо кездешет.

Белгисиз. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жашоо тиричилигин түнкүсүн өткөрүүчү жаныбар. Кумчулдар, сары чычкандар, кош аяктар жана башка майда жаныбарлар менен азыктанышат. Февралң-мартта жаштары туулат. Негизинен 3-8 тууйт, кээде гана 14кө чейин жетет.

Белгисиз. Жашоочу жерлерин айдоо анын популяциясынын санына тескери таасир этет.

Маалымат жок.

1985-жылдагы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген . Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Иштелип чыккан эмес. Болжолдуу жашоо жерлерин изилдөө иштерин жүргүзүү. Зарыл керектүү коргоо чараларды иштеп чыгуу.

III категория, Critically Endangered, CR: R, C1, Республиканын территориясында өлүп жоголгонго жакын уруунун бир гана түрү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)