Candy Crush Saga

Candy Crush Saga - Мобилдик оюндарды түзгөн «King» студиясынын эӊ көп көчүрүлгөн оюну – «Candy Crush Saga». Студиянын тапкан кирешесинин 78 пайызын дал ушул оюн алып келет. Күйөрмандары тарабынан секундасына 10 миӊ жолу ачылган «Candy Crush Saga`нын» негизги аудиториясын 25-50 жаштагы айымдар түзөт. 2013-жылы аталган оюн Фейсбуктагы эӊ популярдуу оюн, «Аррlе» компаниясынын рейтингинде «2013-жылдын мыктысы» аталган. Saga сөзү студиянын бардык оюндарынын аталышында колдонулуп келет. Ал гана эмес бул сөз үчүн башка оюн студиясы менен соттошуп кеткен. 2014-жылы соода маркасы катары бул сөздү каттатышкан. «King» студиясынын негиздөөчүсү – италиялык Рикардо Закони. Студия 2003-жылы негизделген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)