Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Быжы

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Быжы

Быжы - кыргыздын эң кушкер, эски тамактарынын бири. Аны жаңы союлган жандык малдын көбүнчө койдун жаш этинен, боорунан, канынан, ич майынан майда туурап, ага күрүч, талкан (же ун), тууралган пияз, сарымсак, татымал чөп кошуп, калемпир-мурч сээп, аны таза жуулган кара жана майлуу ичегиге, моонго, жумурга, ошондой эле тогуз кат менен чөйчөк карынга куюп жасайт.

Эт, ич эт, ич май, ичегинин, күрүч, талкан менен сарымсак, пияз, татымал чөп, калемпир-мурчтун даамы чыккан быжы ары жегиликтүү, ары аш болумдуу жана күчтүү тамак болот. Быжыны биздин эл кайнатып, кууруп жана бууга бышырат. Быжынын, туурамжысынын коюулугу боткодон суйдаңыраак болбосо ичегиден отпой убара кылып коюшу мүмкүн. Ошон учун коруш кошуп туурамжысын даярдап жатканда коюлугуна көңүл буруу зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-10-24, Көрүүлөр: 2796, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-10-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо