Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Бытантай

Бытантай – Якутиядагы дарыя, Яна дарыясынын сол куймасы. Узундугу 586 км, алабынын аянты 40,2 миң чарчы/чакырым. Жогорку Яна кырка тоосунун чыгыш капталынан башталып, басымдуу бөлүгү анын тармактары аркылуу агып өтөт. Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Суусунун жылдык орточо чыгымы Асар кыштагы тушта 148 м3/сек. Сентябрдын аягынан майдын ортосуна чейин муз каптайт. Негизги куймалары: Бильлях, Тэнки (оң), Хобол, Аччыгый-Саккырыр, Улахан-Саккырыр, Кулгага-Суох (сол). Бытантайдын алабында жалпы аянты 140 чарчы/чакырым болгон 2 миңден ашык көл бар. Чатынан 120 км аралыкка чейин кеме жүрөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)