Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Буурул түн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Буурул түн

Ачык, жарык мындай түндөр жөнүндө улуу акын А. С. Пушкин: Көшүгөн ойлуу түндөрдүн, Нурланган кечтин айы жок. Жазамын, окуйм бөлмөдө, Көчөлөр ээн мемиреп, Заңкайып үйлөр керилет. Көз карап жаркыйт андагы, Адмиралтейство найзасы. Иңирди көктөн кубалап, Жарым саат гана түн болуп, Жарыкка жарык уланат - деп жазган. Жазында жана жайын да түндүктү көздөй улам арылай берсең түн барган сайын ачык, жарык боло берет. Ал эми уюл алкагынын ары жагында жайкысын өтө узун уюл күнү башталат. Александр Сергеевич Пушкин жогорудагыдай поэтикалуу жана туура сүрөттөп жазган буурул түн ушул уюл күнүнүн четки шооласы, чагылышы. Уюл күнү улам кыскарып кыш башталат, аны менен кош узакка созулган уюл түнү келет. Мындай түндө мезгил-мезгили менен гана кыска күүгүм жарык болуп турат. Күн март айынын башында гана горизонттон кылтайып көрүнөт.

Эмне себептен уюл алкагынын ары жагында мындай узак күн жана түн болот? Биздин планетабыз жер шар сыяктуу тоголок экендигин силер билесиңер, ошондуктан ал жер шары деп аталат. Жер дайыма кыймылда болот. Ал Күндү тегеренет (жыл мезгилдеринин алмашуусу ушуга байланыштуу) жана өз огунда айланат (күн менен түндүн алмашып турушунун себеби мына ушунда). Чимирик оюнчук өзүнүн темир өзөгүндө айланган сыяктуу жер өз огунда айланат. Бирок чимириктин өзөгү түз турат, ал эми жердин огу бир аз жантайыңкы.

Жердин айлануу огунун түндүк учу Алтын казык жылдызын көздөй багытталган. Жер шарынын күн жагында күндүз, ал эми анын карама-каршы көлөкө жагында түн болот. Жер өз огунда айланган сайын күндүз тарабы бир четинен акырындап түнгө өтүп, ал эми түн тарабына күн тие баштайт. Жердин огунун жантаюусуна байланыштуу уюлдарда жана алардын тегерегинде жайкысын дайыма күн тийип турат, анткени күн батып кетпей, асманда тегеренип тура берет. Бирок улам түштүккө арылаган сайын күн кыскара баштайт.

Ал эми жер шарын түндүк жана түштүк жарым шарларга бөлүп турган экватордо күн менен түн тең болот. Түндүк жарым шарда жайкысын күн түндөн дайыма узундук кылат. Кээ бир жерлерде, мисалы Санк-Петербургда жана анын айланасында түн өтө кыска жана жарык болот, ошондуктан ал буурул түн деп аталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 585, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу