Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Буурчак

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Буурчак

Адамдар буурчакты байыртадан эле тамак-ашка пайдаланышкан. Илимпоз-археологдор байыркы элдер мекендеген жерлерди казганда буурчактын данын көп жолу табышкан. Азыркы кезде талаага жана короого буурчак өсүмдүктөрү - буурчак, маш буурчак, төө буурчак, соя, жасмык эгилет. Алар тамак-ашка пайдаланылат. Ал эми малга тоют болуучу буурчактар - уй беде, жер буурчак эгилет. Буурчак өсүмдүктөрү адатта эрте жазда себилет. Алар мол түшүм берет: бир дан сепсең, андан 100-150дан жыйнап аласың.

Курамында белок абдан көп болгондуктан, буурчакты өсүмдүк эти деп да атап жүрүшөт. Анын данынан, сабагынан уй, кой, чочкого аш болумдуу силос даярдалат. Буурчак өсүмдүктөрүнүн дыйканчылык үчүн мааниси зор. Алардын тамырларында майда жемиш тамыр өсүп чыгат, анда абадан азотту сиңирип алуучу өзгөчө бактериялар жашайт. Мына ошондуктан буурчак өсүмдүктөрүн жыйнап кеткенден кийин кыртышта көп азот калат. Ал ошол талаага эгилүүчү буудай, жүгөрү жана башка өсүмдүктөр үчүн өтө пайдалуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1544, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо