Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Буттем

Буттем (ал-Буттам, ал-Буттаман, Бутаман, pottman) – тарыхый ороним, Орто Азиядагы тоолуу өлкөнүн орто кылымдагы аты. 7–12-кылымдагы араб-фарсы географиялык адабияттарда, муг документтеринде ал Фергана менен Пянж дайрасынын аралыгында жайгашкан, орографиялык түзүлүшү татаал. Биринчи же Ички , Орто буттем, Тышкы буттем болуп 3 бөлүккө бөлүнгөн. Азыр аларды Ысар (Гиссар), Заравшан жана Түркестан - Алай тоо кыркалары менен салыштырышат. Ал Истахри (10-к.) Буттем – адам жеткис бийик аска тоолор, анын көп жери суук, ызгаардуулугун, тоолордо алтын менен күмүштүн кендери, кеперез менен нашатырь бар экендигин жазган. «Дүйнөнүн чектерин» (10-к.) жазган белгисиз фарсы географы Бутамандын чыгыш чеги Хурсаб (Куршаб) суусунун башына чейин барат деп көрсөткөн. Азыркы географиялык номенклатурада буттем кезикпейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)