Бурсит

Бурсит — муундардын былжырлуу баштыкчасынын сезгениши. Көбүнчө чыканак, ийин, тизе, кызыл ашык, жамбаш муундары жабыркайт. Катуу кармама Б. демейде кырсыкка чалдыгуунун кесепетинен же ириңдүү оорулардын, мисалы, сыздоок, чыйкан, остеомиелит жана башка, ошондой эле жугуштуу оорулардын (грипп, бруцеллёз жана башка) кабылдоосунан болот. Өнөкөт Б. кесипке байланыштуу пайда болуп, көбүнчө тоо-кен жумушчулары, жүк көтөргөндөр, паркет тазалагандар, спортсмендерде көп жолугат. Катуу кармама Б-те муундун тушу кызарып, шишимик тартып ооруйт. Муундун кыймылы азаят, кээде эт ысып, жалпы абал начарлайт.

Ал күчөгөндө сезгенүү муунга (Шилтеме: Артрит) же жумшак тканга өтүп, тери алдында же булчуң арасында флегмона пайда болот. Күчөп кеткенде ал жер тешилип, көпкө айыкпайт, кээде операция жасоого туура келет. Ошондуктан оорунун алгач белгилери билинер замат врачка кайрылуу зарыл. Өнөкөт түрүн күчөтпөй дарылоо керек. Кырсыкка чалдыгуудан Б-ти болтурбоо үчүн муундарды коргоочу таңгак жана башка коргонгучтарды пайдалануу зарыл.

Муундун тушундагы тери жабыркаса дезинфекциялоочу заттарды жакшылап сыйпоо, ириңдүү ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)