Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Буратино

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Буратино

Буратино ким экенин баарыңар жакшы билесиңер. Ал - Карло карыя кадимки эле жыгачтан жонуп жасаган, мурду упузун шайыр бала. Бул мындайча болгон: Карло ата чүркө жыгачтан адегенде чачын, анан маңдайын, акырында көзүн жасаптыр. Капысынан эле анын көзү өзүнөн өзү ачылып, Карлону кадала карап калат... Карло коркуп кетет, бирок сыр билгизбей: - Жыгач көз, сен мени неге мынча кадала тиктеп калдың? - деп мээримдүү сурайт. Али оозу жасала элек болгондуктан, куурчак үндөбөдү.

Карло жаактарын, андан кийин кадимкидей эле мурдун жонуп жасады. Капысынан эле мурун өзүнөн өзү узара баштады да, шуштуйган мурун пайда болду. Карлонун өзү таң калып: - Өтө узун болгону жакшы эмес - деп жиберди да, мурундун учун кесе баштады. Бирок мурун ары-бери бултактап качып, акыры упузун, шуштугуй боюнча калды... - Угуп турчу - деди Карло сабырдуу - мен сени али жасап бүтө электе эле тентек кыла баштадың... Азыртадан ушинтсең, кийин кантээр экенсиң ыя? Өзүңөр уккандай Карло Буратинону жасап бүтө электе эле, Буратинонун шок, токтоно албаган тынчы жок мүнөзү байкалган. Силер албетте кичинекей эмессиңер жана турмушта мындай болбосун жакшы түшүнөсүңөр.

>

Чын эле! Жыгач куурчактын мурду өзүнөн өзү узарып, бычактан бултактап качканын ким көрүптүр! Мунун бардыгы тамаша, ойдон чыгарылган кадимки эле жомок. Бул жомокту көркөм сөз чебери, атактуу жазуучу Алексей Николаевич Толстой жазган. Адегенде Алексей Николаевич италиян жазуучусу Карло Коллодинин Пиноккио аттуу белгилүү жомогун орус тилинде баяндап берүүнү гана максат кылган. Анын Алтын ачкычынын алгачкы главалары Коллодинин сюжетин дал өзүндөй кайталайт. Бирок кийинчерээк, мүмкүн автордун өзүнүн деле оюнда жок жерден Буратино таптакыр башкача мүнөз күтүп, Пиноккиого окшобой кетти. Жыгач бала бейбаштык кылып, күтпөгөн жерден эле Карабас Барабастын өзү менен чабышып да калды. Ал авторду италиян жомогунда таптакыр айтылбаган улам жаңы укмуштуу окуяларга жетелетип кетип турду.

Албетте, А. Н. Толстой өзүнүн тил албас Буратиносун оңой эле теске салмак. Бул үчүн ал өз алдынча эркин ойлонбой эле бирөөнүн китебин кайталап айтып берүү менен чектелиши керек болучу. Бактыга жараша, ал андай кылган жок. Ошондуктан анын Алтын ачкычы байыркы италиян жомогунун жөн гана көчүрмөсү эмес. Бул - өз алдынча, оригиналдуу, кызыктуу чыгарма.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1924, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу