Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Буракан

Буракан тоосу Тескей Ала-Тоонун түндүк тармагы, Ак-Суу жана Жергес сууларынын аралыгында орун алган. Түндүк-түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 23–25 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 3500–4000 м, эң бийик жери 4716 м (Таштанбектөрбашы чокусу). Тоонун кыры асказоокалуу, ири мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең капчыгайлар жана кокту-колоттор көп. Тоонун түштүк (бийик) бөлүгү төмөнкү рифейдин габбро-диорит, түндүк (жапыз) бөлүгү ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа (1200–2300 м бийиктикте), бийик чөптүү шалбаалуу карагай токою (2300– 3000 м), субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)