Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Букачар айымдар

Баш барак | Гороскоп | Букачар айымдар

Букачар белгисинде төрөлгөн айымдар өзүнүн айланасындагылар жүгүнүп, суктанып туруусуна суусайт, ал эми жакын адамдарынан сезимдердин ар-кандай тастыктоолоруна муктаж. Мунун баарына жетүү менен булар жароокер жана назик, тынч жана тең салмактуу болуп калышат. Мындай айымдар өзүнүн жанында мырзаны кетирбей кармап, аны бактылуу кылуу формуласын билишет.



Бул табышмак-айымдар ар бир мырзалардын кыяланда гана болуучу эң жакшы сапаттардын спектрларына ээ. Ошондой эле бул айымдар каалаган мырзанын башын айландырып, коркутуп, тең салмактуулугунан чыгарып, акыр аягы өзү менен суктанууга аргасыз кылат.



Букачар-айымдар өзүндө зор эмоционалдык чыдамдуулукту айкалыштырып, бул сапаттар буларда эркелик жана көз жаш деген сыяктуу жөнөкөй аялдык алсыздыктар менен тең жүрөт. Өзүнүн жүрүш-турушу жана иш-аракеттери менен булар жанында жүргөн мырза дайым жанында болуп, аны корулап туруучу, чыныгы мырза, чыныгы баатыр сезгендей кылат. Бул айымдарда катылган күчтүү сапаттар көп, алардын ичине: кыйратылгыс өзүн өзү токтото билуу жана зор эрк кучу кирет. Булар бардыгын наркы жана кемчиликтери менен бирдей кабыл алат, мырзалар болсо мындай сапатты баалап, дүйнөнү бутуна коюууга даярд болот. Ар кандай адам чөйрөсүндө, ар түрдүү коомдо, булар өзүлөрүн жеңил же оңой сезет. Эгер Букачар-айымдарга кимдир бироо жакпай турса, анда булар элементардык түрдө, андай адам менен сүйлөшүп же баарлашуудан баш тартып, алыс болууга аракет кылат, бирок таарынууга же жүрөгүн жаралоого эч качан шылтоо бербейт. Букачар-айымдар өз душмандарын досторго айландырууга аракет жасап, андай болбосо, жөн эле көңүл кош мамиле жасайт. Бирок эгер булар кимдир бирөөнү өз досторунун катарына тандаса, анда булар ажал алып кеткиче ишенимдүү болот, жана мындай адамдан ошондой жакшы мамилелерди талап кылат.



Булардын кызгануулары жөнүндө айтып өтсөк, Букачар-айымдарда алар ар түрдүү боектордо болот. Ар түрдүү кырдаалдарда алардын иш-аракеттерин алдын-ала айтуу оор. Булар жинин өзүнүн ичинде тепселеп, унчукпай коюшу мүмкүн, ошондой эле бокалга куюлган кызыл түстөгү кыжырлануунун виносун түгөйүнүн бетине чачып жибериши да мүмкүн, андан соң тез эле сууп, бардыгын жөнөкөй түшүнбөстүк болуп кеткендей унутуп коет.



Эптуу акыл-эс булардын мээсиндеги абстракттык ойлорду сызып салат. Букачар-айымдар ошон үчүн жерде бекем турган, жер белгисинин өкүлү, кээ бир адамдардай болуп асманда учуп жүрбөйт.



Булардын мээсинде бардыгы текче-текчелерге коюлуп, дайыма тактыкка жана эптүүлүккө умтулат. Булар тынчсыздаган абалда сейрек болот. Эмне гана жасабасын дайыма ыраазы болуп туруусу зарыл. Букачар-айымдар мыкты гармония сезимине ээ болуп, бардык нерседен аны сактоого аракет кылат.



Бул айымдар өз түгөйүнө берилгендик же ишенимдүүлүк жагынан талаптуу болгон күчтүү аялдар. Булар өз сезимдерине жана өз түгөйүнө ишенимдүү болуп, ошондой сезимдерди да өзүнө талап кылат. Натурасы боюнча ачык жана түз мүнөз болуп, бул мүнөздөрү айланасындагыларга абдан жагып, өз дарегине болгон кыйкымдарга чыдабайт, өзгөчө эгер жанында бөтөн адамдар болсо.



Ал эми үй-бүлөөлүк мамилелерге кайрылсак, Букачар-айымдар эне болуу үчүн жаралган десек ашык болбос. Бирок көп учурда балдарын тарбиялоодо булар катуу тартипти колдонуп, балдары тарабынан ээн баштыкка же сөз укпагандыкка чыдабайт. Булар өзүндө энени да, теңтушту да, аялды да аякалыштыра билет. Булар дайыма өзүнүн күйөөсүнө камкордукту жана колдоонуу көрсөтүп, атаандашып, андан биринчи болууга умтулбайт, мындай мамилеси менен булар күйөөсүнө кандайдыр бир досу сыяктуу болот. Букачар-айымдар жалко эмес, бирок өзүн жана өзүнүн ойлорун иретке келтирип, туураланып, алдыга кадам шилтөө үчүн, кез-кез эс алууга муктаж болот.



Букачар-айымдар айланасындагыларга жакшы таасир калтырганды жакшы көрүп, көңүл чордонунда болуп, суктанууларды жактырат. Үйүндө өзгөчө тынчтыктын жана гармониянын атмосферасын түзгөндү билип, булар абдан меймандос жана ачык болушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3276, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу