Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Буйвол (жаныш)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Буйвол (жаныш)

Буйвол биздин замандан 3-4 мин жыл мурда колго үйрөтүлгөн. Үй буйволдору Түштүк Азияда, Африка менен Түштүк Европада, Азербайжан, Армения, Грузия жана Түндүк Кавказда багылат. Түштүк өлкөлөрдө суук болбойт, бирок кышында нөшөрлөгөн жамгыр көп жаайт. Топурак аябай эзилип, жер ылайлуу көлчүктөргө толуп чыгат. Эгер буйволду жумушка чекпей бош коё берсе, анда ал кечке чалчыкка оонап жатат. Балчык терисин салкындатып сергитет. Турган соң ылай кабыктай катып, буйволду чымын-чиркейден коргойт. Буйвол менен жер айдайт, унаа катары минет, арабага чегет, ал түгүл жарышка да салат. Буйвол жазы ача туягы менен сазда, балчыкта да оңой басып жүрө алат.

Буйволдун жүнү кыска, суюк болот. Ал душманынан топоз сыяктуу коргонот. Буйвол үйүрү музоолорун ортого алып, сүзгөнгө даярданып, тегерек тарта туруп калышат. Мындай жапырт коргонгон буйволдорго илбирс да, жунглинин падышасы - жолборс да батына албайт. Жапайы буйволдор Түштүк Азия менен Африкада кездешет. Африка буйволдору ар кайсы жеринде калың бадал жана бак өскөн саванналарды мекендейт.

Анын негизги душманы - арстан, ал көбүнчө музоолоруна кол салат. Аңчылар жапайы буйволдун өзүн да эң коркунучтуу жаныбарлардын бири катары эсептейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 487, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу