Бугу эне уламышы

- Балдарды кое бер, акылман эне. Сенден сураганым, ушул эки чүрпөнү мага бер.

- Буларды эмне кыласын?

- Адамдар эгиз музоому атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.

- Ушу балдарды эмизип багып алам дейсинби?

- Ошентем, акылман чоң эне.

- Жакшылап ойлондуңбу, Бугу-Эне? - деп кулду Майрык-Чаар-Жезкемпир. Булар деген адам баласы. Чоноюп алып, өзүңдүн бугучаларына ок атат, ошону ойлондунбу?

- Чонойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт, - деди маралдын умай энеси. Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?

- О, кең пейил Бугу-Эне, буларды кайда алып барасын?

- Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бу балдарды.

Бугу-Эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди алкап узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты:

- Балдарым, мына эми мен силердин эненермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Тенир-Тоосу бар, боордо токой чери бар, ортосунда Ысык-көлү бар жерге алып барам. Кыргыз тукуму курут болуп кетээрде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын, укум-тукумуна мекен болсун деп мен ал жерди тенирден сурап алдым. Ошентип жүрүп отуруп, акыры Бугу-Эне балдарын Ысык-көлгө жеткирди. Туу чокудан карап туруп, көргөн көздөрүнө тан калышты. Тегерете курчаган ак карлуу алкак Ала-Тоо, боор жапкан чер токой, ортодо мөлтүрөгөн көк ирим көл. Буурул жал толкундары арылдаган шамалга бир четинен турулуп, бир четинен үркүп жатат. Көлдүн баш-аягына көз жетпейт. Этегинен күн чыкса, төрүндө али таң ата элек. Тегерете курчаган алкактанган Ала-Тоо чокусуна сан жеткис, Ала-Тоонун аркасы мунарланган Тенир-Тоо катарына сан жеткис.

- Мына ушул жер силерге мекен болот, - деди Мүйүздүү Бугу-Эне. Жер тилип, эгин эккиле, мал багып, балык уулагыла, ошентип бейпил кенчилик, бейкут тынчтыкта миң-миң жыл өмүр сүргүлө. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерди укум-тукумунар унутпасын, эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн. Кишиден кем болбогула, башка элге тең болгула. Мен эми силерге, силердин укум-тукумунарга Үмай Энемин, силер менен түбөлүккө бирге жүрөм...

Ошентип кырылган кыргыздан калган уул бала, кыз бала Теңирдин батасы тийген Ысык-көлдү мекендеп туруп калат. Убакыт куштай учту. Уул бала эр жетти, кыз бала бой жетти. Экөө баш кошушат. Мүйүздүү Бугу-Эне болсо сырттан калкалап, ушул жердин токоюнда жүрдү. Күндөрдүн бир күнүндө Ысык-көл буркан-шаркан толкуп чыкты. Ал анткени - жаш зайыптын толгоосу башталган. Эр адам чочулады. Зоокага чуркап чыгып, тегерекке үн салды:

- Мүйүздүү Бугу-Эне, кайдасын? Ысык-көлдүн толкуганын карачы. Кызың толготуп жатат. Тезирээк жетип кел, Мүйүздүү Бугу-Эне, жардамынды бер!..

Ошондо алыс-алыстан жылаажын үн угулду. Шынгыраган таттуу үн жакындагандан жакындады. Анан манкандай чуркаган Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келди. Куру келбей, он сегиз айры мүйүзүнө бешик илип келди. Ак кайындан жасалган ак бешиктин туткасында күмүш жылаажын шыңгырайт. Ошол жылаажын ушу азыр да көлдүктөрдүн бешигинде илинүү, эне баласын бөлөп терметсе, мукам үнү шыңгырап турат. Азыр да жылаажын үн чыкканда Мүйүздүү Бугу-Эне мүйүзүнө кайын бешик илип алып, бала төрөгөн үйгө шашып келе жаткандай болот... Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)