Бугу эне

Кыргыз элинин бугу уруусунун тукум-теги жөнүндө "Бугу эне, мүйүздүү эне" деген көркөм мифтик баян кыргыз элинде эрте замандан баштап айтылып келет. "Бугу эне" жөнүндөгү бул тотемдик баяндын кыргыз эли ичинде таралышы өтө кеңири болгондуктан, анын түрдүүчө айтылган варианттары да көп болгон. Төмөндө бир түрү менен таанышып көрөлү.

Илгери Карамырза, Асанмырза деген эки бир тууган мергенчи болгон экен. Бир күнү Ала-Мышык тоосуна аңчылап жүрүп, маралдардын бир үйрүн көрүшөт. Абайлап караса маралдардын арасында бир эркек бала жана кыз аралаш жүргөн экен (жана бир айтылышында, баласын эмизип турган маралды атса, бир аял пайда болуп, "жалгызымды аттың, балаңды атып кал!, ботоңду атып кал!" - деп каргап туруп калат. Ал аялды кармап кетишет). Мергенчилер баланы атып салышат.

Иниси өлгөн кыз өрөпкүп аябай ыйлайт. Аларды "тукумуң жүзгө жетпесин! Жүзгө жетсе да, күзгө жетпесин!"- деп каргайт.

Кызды айылга алып келип, бир жигитке алып берген экен. Кыздын башында бугунун мүйүзүндөй кичине мүйүз бар имиш. Бир күнү баягы эки мерген аңга чыгып кеткенде "Мүйүздүү кыз" "Бүгүн бир балаа бар", деп турат экен. Ал күнү алар жалкы мүйүздүү ак бугуну атып келген экен, ал кыздын бир тууганы имиш.

Дагы бир күнү Кермаралды атып келишиптир, анда кыз ошол маралдын эмчегин эмип ыйлаган имиш. Көрсө, ал кыздын энеси экен. Кыз эки мергенди каргаган имиш. Кийин "Мүйүздүү эне" болуп калат экен. Баягы "Бугу кыз", анын эки күнүсү бар экен, "Мүйүздүү эне" башын жууганда, аларга: "Кир суусун таза жерге төккүлө", деп турчу экен.

Бирок алар анын касиетин билип калышып, "Мүйүздүү эненин" чачынын кир суусун ичип, калганын бойлоруна сүрүшүп жүрчү экен. Ошого алардын тукуму көбөйүп кеткен имиш. "Мүйүздүү эне" өлгөндө сөөгүн муздагыча ак боз үйгө коюп, койгон жеринен кайберен болуп кубулуп, тоо таянып кеткен имиш. Азыркы кыргыздардын бугу уруусу ошол "Бугу эненин" тукумдары болгондуктан "Бугу" аталып калган имиш. Бирок бугуну кыргыз улуту жалпы эле ыйык билүү тээ илгертеден келе жаткан жосуну болгон. Көрүстөндөргө бугунун мүйүзүн коюу жакынкы замандын иши эмес. Ошол жайыттарга караганда "Бугу эне" жөнүндөгү тотемдик (тукумдук) баян кийин эле айтылып калган баян эмес, тээ "энелик доордун" таанымы боюнча, наристе элестетилген көркөм баян десек болот. "Бугу" тотеми кыргыздардын бир гана уруусуна эмес, жалпы баарына орток көрүнүш эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)