Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Бруцеллёз

Бруцеллёз — жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Б-ду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине (суукка) туруктуу келет. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Б. менен кой, эчки, бодо малдар (уй, топоз), бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт. Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башка менен сыртка бөлүнүп чыгып, жер-сууну булгайт. Б. менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт. Кишиге дарттын козгогучу негизинен булганган же чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган тамак-ашты (сыр, май, быштак жана башка), чала бышырылган этти жегенде, ылаңдуу малды бакканда, аларды туудурганда, колдун терисиндеги майда жараат, кесиктер аркылуу, ошондой эле булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Б. мал чарбасында иштегендерде (койчу, уйчу, саанчы, зоотехник, ветеринариялык кызматкерлер), малдан алынган азыктарды чыгаруучу жана тери жүн иштетүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчуларда көп кездешет. Оору клиникалык белгилеринин өтө көп түрдүүлүгү менен мүнөздүү.

Оорунун алгачкы белгиси козгогуч жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин (инкубациялык мезгил) билинет. Мында алы кетип, чыйрыгып, эти ысыйт, башы ооруп, кара тер басат. Оору кээде капысынан катуу башталат: баш катуу ооруп, дене температурасы 39—40°ка жетет, тер басып уйкусу качат, чыйрыгып алы кетет, булчуңдары, муундары кыймылдатпай катуу ооруйт. Кан тамырлар, нерв системасы жана сөөктөр, муундар жабыркап, кээде психиканын бузулушу байкалат. Б. оорусу 3 айга, айрым учурда 1—2 жылга чейин созулат.

Оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе, оорулунун ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жумушка жараксыз (инвалид) болуп калат. Кош бойлуу аялдардын боюнан түшүп калышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу зарыл. Ооруну ооруканада дарылайт. Б-дун алдын алуу үчүн ылаңдуу малды өз убагында таап, аны соо малдан бөлүү же союп жок кылуу, терисин 2 ай туздоо, жүнүн бромдуу метилге чылоо сунуш кылынат. Б. чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек.

Мал чарбасында, жаныбар сырьёлорун иштетүүчү өнөр жай ишканаларында (эт, сүт комбинаты, жүн, тери иштетүүчү ишкана жана башка) иштегендерди жыл сайын медициналык атайын кароодон өткөзүп, аларды алдын ала ооруга каршы эмдеп туруу; атайын кийимдер (резина өтүк, резина кол кап, комбинезон, атайын халат), өздүк гигиеналык каражаттар (сүлгү, самын, кол жуугучтар, жугушсуздандыруучу химиялык заттар жана башка) менен камсыздандыруу; өздүк жана коомдук гигиеналык эрежелерди туура сактоо, иштен кийин жана тамактануунун алдында, өзгөчө колду самындап таза жууп туруу керек. Мындай жерде өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар иштөөгө болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)