Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бронхография жана бронхоскопия

Бронхография — кекиртекти жана бронхторду рентген контрасттуу заттарды жиберип, рентгенологиялык изилдөө методу. Б. кекиртек, өпкө жана бронхтогу ооруларды (түрдүү шишиктерди, туберкулёз, бронхоэктаза жана башка) аныктоодо, өнөкөт сезгенүү ооруларды операцияга даярдоодо, дарылоонун натыйжасын текшерүүдө колдонулат. Оорулуунун жалпы абалы начар убакта, жүрөк-кан тамырдын, бөйрөктүн катуу ооруларында жана башка Б. жасоого болбойт. Бронхоскопия — атайын аспап — бронхоскоптун жардамы менен дем алуу жолдорун изилдөө ыкмасы. Б. диагноз коюу жана дарылоо максатында, ошондой эле кекиртек менен бронхтон бөтөн заттарды алып салуу үчүн колдонулат. Оорулуунун абалы начар убакта Б. жасоого болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)