Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бозо кантип жасалат

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Бозо кантип жасалат

"Бозо кантип жасалат" - албетте, бозо жасаш үчүн адегенде шагын даярдайт. Шагына жүгөрү, буудай, таруу же конок сыяктуу аштыктар керек. Күрмөк менен күрүчтүн акшагынан да дурус шак болот. Аталган аштыктарды аралаштырып алып (же ар бирин өз алдынча) тегирменге тартат. Шактын эң жакшысы таруу жана жүгөрү шак. Бозонун күчү угуттан, сапаты шак жасалган аштыктан болот. Өзгөчө шактын тартылышына, анын ачытылышына, кайнатылышына жана салынышына жараша болот. Таптап айтканда, бозо салуу үч баскычтан турат. Ирети менен баштайлы.

Ингидиенттер: 1кг шак, 200-250г угут, 1-2л кор.

1.Шак чылоо. Ал үчүн 1,5-2л жылуу сууга 1 кг тартылган даяр шакты салып, үстүнө ачыткы үчүн 1 чеңгел топ (же 150-200г бозо) кошуп, аябай аралаштырып, жылуу жерге бир-эки күнчө (сутка) коё турат. Шак ачыганда ар кайсы жеринен жарылып, кээде чыбырчыктап кайнап калат. Чыланган шактын коюлугу ар кыл боткодой, суюк жуурулган камырдай болот. Шак жакшы ачыбаса же 4-5 күн туруп калса, бозонун даамы, сапаты бузулуп, ойдогудай чыкпай калат.

2.Шак кайнатуу. Ачыган шакты суу чымырап келген чакта салып, түбүнө күйүп кетпес үчүн бышканча аралаштырып турат. Антпесе, түбүнө тарткан шактын бозосу күйүк даамданып калат. Бышкан шак чөмүчкө жукпай калат. Бышкан шакты оттон чыгарып, муздаганча каймак алдарбай аралыштырып туруу зарыл. Өзгөчө көк буусун (алгачкы буусун) ичинде калтырбайт. Антпесе, бозосу ачуу болуп, чаңырып калат 1 кг кургак шак ачытылган болсо, аны 6-7 л сууга кайнаткан дурус. Ошондо 7-9 л кайнаган шак болот. Шак чийки кайнап (бышпай) калса же түбүнө күйүп же дагы башка нерсесинен айнып калса бозо жакшы чыкпай калат.

3.Бозо салуу. Шак жылымык болуп (орточо 12-18 градус) муздаганда үстүнө 200-250 гр тартылган угутту салып, аралаштырып турса муздаганда суюлуп, шак чечип калат. Аны кордун үстүнө куюп аралаштырат. Шак кайнаган казанды (же мискейди) шыпырып-сыйрып, кырмычыгын кырып, жылуу сууга жууп-чайкап, аны да кошуп, анан жылуу жерге 7-10 саатча коюп койсо, бозо жетилет. Жетилген бозону баштыкка куюп же аталгы менен сүзүп алат. Бозо калта үчүн азыр капрон колдонулат.

"Бозо кантип жасалат", бозонун негизи угут. Аны тазаланган буудайдан жасайт. Кээде буудайга азыраак арпа, таруу кошуп койгон учурлар да болот. Бирок угуттун мыктысы буудай угут болот. Буудайды жылуу (10-15 градус) сууга салып, бир күн (же сутка) койсо, буудайы бөртүп калат. Аны суудан алып, ным чүпүрөккө ороп, жылуу жерге 2-4 күн койсо, муруту тегиз чыгып тытышып, угуттун алды көк майсалап кетет. Аны дароо эт туурагычтан өткөрүп, камырдай болгон массаны көлөкөгө, салкын жана шамалкөй жерге жайып, кургатып алат. Бул жаш угут. Жаш угуттун бозосу дайыма (1-2 күнгө дейре) жаш, жумшак, таттуу болуп, өтүшүп кетпейт. Жаш угутту мурда сокуга жанчып алышкан. Азыр эт туурагычтан (кол же электр эт туурагыч айырма жок) өткөрүп алуу ыңгайлуу.

Угуттун экинчи түрүн как угут дейт. Аны жакшы өнгөн угутту салкын жерге жайып, кургатып алып, жаргылчакка же тегирменге ирик тартып алат. Как угуттун бозосу күчтүү келет. Бат эле өтүшүп кетет. Эки түрдүү угутту аралаштырып алса бозосу кыйла жагыштуу келет.

Шагына карап бозону: таруу бозо, жүгөрү бозо, күрмөк бозо, күрүч бозо жана башка ушу сыяктуу аттар менен бөлөт. Булардын ар бири өзүнчө бозо, өзүнчө ичкилик.

Бозонун мыктысы, жагыштуусу таруу бозо болот. Күчүнө карап жаш бозо, кордогон бозо, өткөн бозо, сары каймак бозо, шакардай кайнаган бозо, күкүрттөнгөн бозо, торгой көз бозо, житирме бозо деп атап коет.

Күчү күкүрттөнүп чыгуу үчүн кордоп салган дурус. Кордоп салуу деген да ич ара өзүнчө бөлүнөт. Мисалы: бир кордоп, эки кордоп, үч кордоп дешет. Тактап айтканда, корун улам көп калтырып, үстү-үстүнө бозо салуу. Эң күчтүүсү кордоп салган бозо. Анын күчү 10 градуска чейин болушу ыктымал. Бозо - бул даарылыгы, мүнөз оокаттык касиети даана жагымдуу оокат. Анда ар кыл пайдалуу заттар, көмүр кычкылтеги, витаминдер бар.

Жытына келген жыгыл,
Тобуна келген тоголон!
Чеч кор, чеч кор!
Кыргыздын дуба ырынан.

Бозо деген аш экен,
Боз куурайдын башы экен.
(Эл ырларынан)

Ачытма бозо - 5 л бозо,1-1,5 кг шекер.
Жаңы сүзүлгөн жаш бозону ысытып, сатин (же айнек) идишке куюп, үстүнө шекер салып аралаштырып, кайнап тургандай жылуу жерге коюп коет. Аны 3 күндүк, 5 күндүк жана 7 күндүк кылып ачытат. Ачытма бозо күчтүү (15-25 градус) болот. Андан арак тарткан учурлар дагы болгон.

Кичирме - 2 л ачытма бозо, 2 л жаш бозо
Ачыткан бозо менен жаңы сүзүлгөн жаш бозону чабыштырып, аралаштырып койсо кичирме деген ичкилик болот.

Мынакей достор "бозо кантип жасалат" дегенде эми ушуларды айтсаңыз болот, албетте бозо суусундугу ата-бабабыздан келе жаткан суусундуктардын бири. Күчтүү бозолор жүздү албыртып, бетке кызыл түшүрөт. Бозо ичип алган го, бети кызарып калыптыр деген сөз ушундан калган.

Жайгаштыруу: 2018-01-16, Көрүүлөр: 11913, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу