Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

боз торгоюм

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | боз торгоюм

Созу К. Жакыповдуку

Обону А. Карымовдуку

Сезиминде кири жок секелегим,

Сени келет колундан жетелегим.

Сездире албай журомун, сездире албай,

Сезим оту журокто очо элегин.

Токтоло элек мунозу боз торгоюм,

Туралбайсын жанымда шоктонмоюн.

Туура тушун, кара коз, туура тушун,

Турмуш супсак журокто от болмоюн.

Аган болуп журомун мен абройлуу,

Ачык айтам канткенде анык ойду?

Абай салып байкачы, карлыгачым,

Азап болду агана, азап болду.

Шыбырт болсо, шырп учкан чымчыктайым,

Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын.

Чырак болуп жагылдын кеч куугумдо,

Чырайынды эш тутуп тынч уктайын.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 676, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу