Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Босого-таяк

Босого-таяк — «Кайыңдан түндүк ийдирген, Каалга, таяк босого, Канча түрдөп чийдирген» («Манас»). Бул — боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Ал уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого-таягынын узун болжолдо 1,4 метр, туурасы 1,0 метр, жазылыгы 25 см. келип, ал «таяк-босогого», «баш босогого», «каалга» болуп, үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары менен сызма же эшме жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт эшик уугу орун алат. Босого-таяктын жазылыгы 10—12 см. калыңдыгы 3 см. бийиктиги жана кенендиги боз үйдүн көлөмүнө карата аныкталат.

Эшик менен босого-таякка ич ара үндөшкөндөй «табак», «кыял» оюмдарын арбын түшүргөн чеберлер бар. Ага жыгаччылыкка таандык оюк ыкмасы пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)