Борончу Кудайбергенов

Борончу Кудайбергенов - 1966 жылы 24 майда Жумгал районунда төрөлгөн. 1984-1986-жылдары Чаектеги №26-кесиптик техникалык орто окуу жайында окуган. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн. Борончу Кудайбергенов 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалында Гран-Прини алып, "Мерседес" жеңил автоунаасын утуп алган. 2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан. 2011-жылы Президенттикке талапкерлигин койгонго аракеттенген, бирок БШК Борончу Кудайбергеновдун талапкерлигин коюуга уруксат берген эмес.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)