Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Боромбай Меңмурат уулу

Баш барак | Биографиялар | Боромбай Меңмурат уулу

Боромбай Меңмурат уулу(туулган жылы белгисиз -1858) - Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-жылы Жууку суусунун боюнда КызылҮңкүр деген жерде өз чебин курдурган. 1844-жылдан тартып өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү менен Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна элчилер жиберип, кат менен кайрылган (1844, 1848, 1853—1855-ж). Анын элчилери 1855-жылы 17-январда Омск шнда Россияга өтүү антын кармашкан (к. Качыбек Шералы уулу). Б. Орус армиясынын полковниги чинин алып, бугу уруусунун ага манабы катары таанылган. Бугу менен сарыбагыш урууларынын жаңжалы маалында (к. Ормон, Балбаи макалаларын) анын эл-журту Текести көздөй көчүп, Б. Чыгыш Түркстандагы кьггайлык бийликтерден көмөк сураган, бирок оң жооп ала албаган. Ошондон кийин орус бийликтерине кайрадан өтүнүч менен кайрылган. Феодалдык ич ара жаңжалды тынчьггууда Б-дын өтүнүчү менен келген орус аскерлеринин чакан отряддарынын чоң жардамы тийген. 1856-жылы Тулпар-Таш капчыгайында бул манаптын портретин Чокон Валиханов карандаш менен тарткан. Б-дын П. П. Семёнов Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалим.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1238, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу