Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Борбордук Азиядагы Америкалык Университети

Борбордук Азиядагы Америкалык университетин (American University in Central Asia)Камила Шаршекеева ачкан. Ал Кыргызстандын билим берүү системасында көп жаңылыктарды киргизген. 1979-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз Улуттук Университетинде англис тилинен сабак берген. Ал кездерде анын Кыргызстанда жакшы билим берүү жөнүндө ойлору болгон. 1993-жылы Кыргыз Америкалык факультетин Кыргыз Улуттук Университетинде ачкан. Ошол жылы Кыргыз Америка факультетине биринчи жолу 40 студент окууга кирген. Бул факультет 1997-жылы Кыргызстандагы Америка Университетине (КАУ) өзгөргөн. Ал кезде факультетти университетке өзгөртүү абдан кыйын болгон. Кыйынчылыктарга карабастан, университетти түзүүчү – Камила Шаршекеева, Кыргызстандагы Америка Университетинин биринчи президенти – Жон Кларк жана вице-президенти Марта Мерил бул иштерди абдан мыкты аткарышкан. Бул университет 2002-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетине өзгөргөн. Азыркы учурда бул университет Борбордук Азиядагы эң жакшы университеттердин бири. Бул университетке Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн көп студенттер келип окушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)