Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бор Нильс

1943-жылы күздүн караңгы түндөрүнүн биринде Дания жээгинен чакан кеме жашырын жүрүп кетти. Эресуни кысыгынан аман-эсен сүзүп өтүп, ал Швецияга келип токтойт. Жээкке гилтерчилерден качып жүргөн эки киши түшөт. Бир нече сааттан кийин качкындар бомбалагыч самолёт менен АКШга жөнөтүлөт. Самолётто орун жок эле. Ошондуктан адегенде улуусун алып, аны самолёттун бомба сактагыч бөлүгүнө отургузушат. Бул сырдуу даниялык ким эле? Дүйнөлүк согуш күчөп турган мезгилде аны Даниядан АКШга жеткирүү үчүн эмне себептен ушунча күч, убакыт жана каражат жумшалды? Бул 20-кылымдын улуу илимпозу, физиги Нильс Бор эле. Фашисттер Борду колго түшүрүп, анын жардамы менен коркунучтуу атом куралын жасоону ойлошкон. Нильс Бор өзүнүн жарым кылымдык илимий ишинде заттын түзүлүшүнүн көп сырларын ачкан.

Ал биринчи болуп атомдун моделин түзгөн, түшүндүргөн. Бул үчүн ага Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Нильс Бор көп жылдар бою Копенгаген теориялык институтун жетектеген. Бүткүл дүйнө физиктери аны атактуу физик катары тааныган. Европа, Азия, Америка лабораторияларында Бор жаңы бир нерсе айттыбы? - деп сурашчу экен. Бор уюштурган илимий кенешмелерге, семинарларга бардык өлкөлөрдүн көрүнүктүү физиктери келүүчү.

Ал семинарларга катышууга жаш илимпоздор бөтөнчө дилгир эле. Семинарлардын катышуучулары бири-биринин жашына, даражасына карабай талашып-тартышчу, анткени илимий чындык үчүн күрөшүү ар бир илимпоздун парзы эмеспи. Бор жаш илимпоздор менен болсо да бир нече күндөп талашып-тартышуудан тажачу эмес. Эгер кимдир бирөө анын көз карашын ишенимдүү төгүндөсө, Бор эч качан тырышып моюн төгөбөгөн. Ал жаш илимпоздун алдында билимсиз болуп көрүнүүдөн коркпоо керек, анткени негизгиси - чындыкка жетүү жана илимди өнүктүрүү деген. Нильс Бор физика илимине, атомдун сырларын ачууга көп жаңылык киргизди. Ал тынчтык, атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу үчүн айныбас күрөшчү катары да белгилүү. Согуш мезгилинде ал атом бомбасын жасоого катышуудан баш тарткан. Андан кийин да көп жолу бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө атом куралдарына тыюу салуу жөнүндө чакырык менен кайрылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1275, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо