Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бор кислотасы

Баш барак | Химия | Бор кислотасы

Бор кислотасы (латынча acidum Boricum, тандалма кислота, химиялык формуласы — H3BO3 или B(OH)3) — бордун жогорку кычкылдануу деңгээлине (+3) жооп берген күчтүү эмес, химиялык жана органикалык эмес кислота. Алгачкылардан болуп 1702-жылы Парижде, немец химиги Вильгельм Хомберг тарабынан алынган.

Бор кислотасы
Системалык аталышыОртобор кислотасы
Химиялык формуласыH3BO3, B(OH)3
Физикалык касиеттери
Абалыкатуу
Моль массасы61,83 г/моль
Тыгыздыгы1,435 (+15 °C) г/см³
Термалдык касиеттери
Эрүү температурасы170,9 °C, 444 K, 340 °F
Кайноо температурасы300 °C, 573 K, 572 °F
Химиялык касиеттери
Кислота диссоциация константасы, pKa9,24 (I), 12,74 (II), 13,80 (III)
Сууда эригичтиги2,52 (0 °C), 4,72 (+20 °C), 5,74 (+25 °C), 19,10 (+80 °C), 27,53 (100 °C), г/100 мл
Классификациясы
CAS каттоо номери10043-35-3
PubChem7628
EINECS каттоо номери233-139-2
RTECSED4550000
ChEBI33118
ChemSpider7346

Стандарттык шарттарда бор кислотасы — кабырчык түрүндөгү түссүз, жытсыз кристаллдык зат, катмардуу триклиндик торчого ээ. Мында кислотанын молекулалары суутек байланыштары менен жалпак катмарда бириккен. Катмарлар өз ара молекула аралык байланыштар менен кошулуп, узундугу 272 пикометр (пм) түзөт.

Метабор кислотасы (HBO2) — бул түссүз кристаллдар. Ал үч модификацияда жашайт — эң туруктуусу куб торчолуу γ-НВО2, моноклин торчолуу β-НВО2 жана ромб торчолуу α-НВО2.

Бор кислотасы табиятта ысык булактарда кездешет. Муздак сууда — начар, ысык сууда жакшы эрийт. Бор кислотасынын туздары бораттар деп аталат. Бактериялардын өсүүсүн токтотуучу касиетке ээ. Негизинен бораттарга күкүрт кислотасы (H2SO4) менен таасир этүүдөн алынат. Бор кислотасы буфердик эритме даярдоодо, айыл чарбасында 2-4%дуу эритмеси конъюнктивит, кератит, эндометрит, вагинитте, 5-10%дуу майы экзема, конъюнктивитти дарылоодо колдонулат. Бор кислотасы себүү алдында үрөнгө да чачылат.

Физикалык касиеттери

Бор кислотасы — бул бир негиздүү Льюис кислотасы жана көп учурда инсектицид, антисептик, оттон коргоо курамы, нейтрондорду сиңирүүчү катарында же башка химиялык курамдарды алуу алдында колдонулат.

Ысытууда ортобор кислотасы суусун жоготуп, метабор кислотасына, андан кийин тетраборго (H2B4O7) өтөт. Ысытууну андан ары улантууда бор ангидридине чейин суусун жоготот.

Бор кислотасынын суу эритмелери Н3m-2nВmО3m-n жалпы формуладагы полибор кислоталарынын аралашмасы. Табиятта сассолин минералы түрүндө кездешет. Кошуна катмарлар арасындагы аралык — 318 пм.

Жайгаштыруу: 2023-11-27, Көрүүлөр: 108, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо