Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Боор оорусунун белгилери

Боор оорусу жөнүндө толук маалымат "боор оорусунун белгилери" аттуу макалабыздан билип алсаңыз ашык болбойт. Акыркы жылдары адистердин айтуусу боюнча боор оорусу эл ичинде күч алууда. Боор оорусунун коркунучу анын баштапкы баскычтарында билинбей өтүп, адамдын эч жери оорубайт. Качан бейтап дарыгерге кайрылган болуп кеткен өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүү оорураак болуп калат: Көп убакытка созулган дарылануу курсунан өтүү зарыл. Ушуга себептүү боор ооруларын өз убагында диагностикалап, профилактика иштерин жүргүзүү маанилүү.

Боор ооруларынын себептерин билүүдөн мурда, боор кандай фнкцияларды аткараарын айтып кетели. Боордун бирден-бир негизги функциясы бул детоксикация, боордун ферменттери уу кошулмаларды коопсуз формага кайра иштет. Андан тышкары боордо маанилүү алмашуу процесстери жүрөт. Темир өткө сентезделип, ансыз нормалдуу тамак сиңирүү болбойт (биринчи кезекте майларды кайра иштетүү), ошондой эле глюкозанын ашыкчаларынан гликоген калыптанат. Ушул эле жерде витамин жана гормондордун метаболизми жүрөт. Зат алмашууда процесстеринде боор активдүү аралашып, боордун иштөөсүнө көптөгөн факторлор таасирин тийгизет, а бул өз учурунда көптөгөн боор ооруларынын себеби болот.

Боордун нормалдуу иштөөсүнө таасирин тийгизүүчү негизги факторлор:

-Зат алмашуу процессинин бузулушу, негизинен семирүү. Ашыкча салмактуу адамдардын көбөйүшү менен боордун алкоголдук эмес май оорусу көбөйдү. Органдын тканларынын структурасы өзгөрүп, натыйжада боор өзүнүн функциясын толук кандуу аткара албай калат. Изилдөөлөргө таянсак Кыргызстанда бул оору менен орточо эсеп боюнча калктын 10-15% жабыркайт.

-Алкогол ичимдиктерин ашыкча колдонуу. Мүмкүн бул боор ооруларына алып келүүчү бирден-бир белгилүү себеп болсо керек. Май дистрофиясы, алкоголдук гепатит жана цирроз боордун алкоголдук ооруларынын өнүгүү факторлорунун Кыргызстанда 20-30% ээлейт. Алкоголдук ичимдиктерди көп кабыл алуу боордук клеткаларында майлардын чогулуусуна алып келет, клеткалар өз фугкциясын аткарбай, акыр аягы клетка өлүмгө учурайт, буга себептүү боордун бириктирүү ткандары өсөт. Акыры бул адамдын өлүмүнө алып келет.

-Боордун вирустук оорулары: Биринчи кезекте бул вирустук гепатиттер, алар өрчүгөндө коркунучтуу цирроз, боор рагы, ар кандай ичеги-карын ооруларына алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча гепатиттин ар кандай формаларынан жыл сайын 1,4 миллион адам каза табат. Бул вирустук оорулар цирроздун себеби болуп калуу ыктымалдыгы 57%, ал эми биринчи рактын ыктымалдыгы 78%. Гепатит оорулары өнөкөт формасына айланып кетүүсү менен коркунучтуу, андан тышкары вирустар боордун ткандарына бир нече багыттар менен таасир кылат: сезгенүүнү пайда кылат жана гепатоциттерди кыйратат.

-Дары-дармектерди кыянаттык менен колдонуу. Бездердин олутту кыйроосуна алып келүүчү дарылардын тизмеси абдан чоң: анын ичине ар кандай ооруну басуучу дарылар, стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттар, кээ бир антибиотиктер, уйку келтирүүчү таблеткалар ж.б. Уулануу симптомсуз өтүп, өнөкөт мүнөздү боло баштайт, ошондо гана боордун жабыркаганы бир нече айдан кийин билинет.

Андан тышкары боордун аутоиммундук оорулары кездешет, чоң ролду тукум куучулук фактор дагы ойнойт, боордун абалына организмдеги гельминттердин болуусу дагы таасир этет. Бирок көпчүлүк оорулар айтылган факторлор менен байланыштуу. Алардын таасиринде боордо өзгөрүүлөр пайда болуп, боордун функциясын бузуп, төмөндөгүдөй ооруларга алып келет:

-гепатоз (боордун май дистрофиясы, стеатоз)

-гепатиттер - ар кандай өзгөчөлүгү бар сезгенүү оорулары

-фиброз - боордун клеткаларынын акырындык менен бириктирүүчү ткандар менен алмашуусу

-цирроз - боордун ткандарынын кайтып келгис фиброздук алмашуусу, бул боордун функцияларынын олуттуу бузулуусуна алып келет.

-боор кемчилиги - бул абалда боор өзүнүн функцтяларын жарым-жартылай аткарбай калат.

-рак жана башкалар

Негизги оорулар жана симптомдору

"Боор оорусунун белгилери" өтө маанилүү, анткени, баштапкы симптомдорго адам көңүл бурбай жүрө бериши мүмкүн, ошондуктан буга көбүрөөк токтоло кетели. Болбосо, качан симптомдор белгилүү болгондо, дарылануу врач жактан дагы, бейтап жактан дагы олутту күч-аракетти талап кылат.

Инфекциялык оорулар, вирустук гепатиттер.

Бул боордун сезгенүү оорусуу, пайда болуусу гепатиттин түрүнөн көз каранды (А, В, С). Биринчи белгилери боюнча гриппке окшош болуп, боордун инфекциялык ооруларынын гепатит А (Боткин оорусу) түрү кеңири таралган. Бейтаптын дене табы көтөрүлөт, жалпы абалы начарлайт. Сарыктын пайда болуусу менен диагноз белгилүү болот. Сарык айыкканда абал начарлабай ден-соолук жакшы болуп кетет. Гипетиттин В жана С түрлөрү коркунучтуурак келет. Алар боордун циррозу же рагына алып келиши мүмкүн, ал эми бул оорулар өлүмгө алып келет.

Алмашуу процесстеринин бузулушу

Боорду көп учурда майлардын кампасы деп коюшат: гепатоциттерде май алмашуу жүрөт, бул бездин клеткалары метоболизмдин бузулушуна аябай сезимтал келет. Мунун иши бузулса май гепатозу пайда болот, башкача айтканда боордун май басышы. Рациондун бузулушунан тышкары май гепатозунун себеби башка оорулар дагы болушу мүмкүн, мисалы кант диабети же Крона оорусу, ошондой эле аракечтик. Боордун клеткаларында май чогула баштаганы, гепатоз оорусунун башаты. Бул боордун нормалдуу иштешинин бузулушуна, эркин радикалдардын жетишсиздигине, анан сезгенүүгө алып келет. Оорунун өрчүүсүнүн натыйжасында бездердин клеткалары өлө баштайт (ткандардын некрозу), алардын ордунда бириктирүүчү ткан пайда болот дагы боор өзүнүн функциясын жоготот. Май гепатозу симптомсуз өтөт, бирок бейтап жалпы ыңгайсыздыкты сезет, ич көбөт, куску келет, стул бузулат, температура көтөрүлөт. Оозго ачуу нерсе келгенде, сарык болгондо, оң жак кабырга аймагы ооруса, боорго көңүл буруу керек. Бирок кээде башка оорулардын диагностикасын жүргүзүүдө боордун май басуусу белгилүү болот.

Көңүл бургула! Боордун май алмашуунун бузулушунан тышкары, углевод метоболизминин бузулушу менен, жана гликогендин ашыкча чогулуусуна байланыштуу боордун башка оорулары бар. Булар боордун ферменттик өзгөчөлүктөрү менен шартталат.

Уулануу же токсикалык жабыркоо

Боордун дагы бир функциясы - канды токсиндерден тазалоо. Бирок боордун клеткалары күчү жетпеген заттар бар, жана алар бездерге өзгөчө коркунуч жаратат. Боордун токсикалык жабыркоосун курч же симтомсуз мүнөздө өтүшү мүмкүн. Токсиндердин таасиринин натыйжасында бездердин клеткаларында алмашуу процесстеринин бузулушу байкалат, май ткандар чогулат, сезгенүү жана некроз өнүгөт, бириктирүүчү ткан өсүп, цирроз пайда болушу мүмкүн. Токсиндер кан айлануунун бузулушуна алып келиши мүмкүн, а бул ткандардын абалына начар таасирин тийгизет. Токсиндик жабыркоого кабылган бейтап ичинин оң тарабы ооруп жатканын айтат, бул органдын чоңоюуусунун себебинен болот. Ошондой эле органимздин интоксикациянын жалпы белгилери болушу мүмкүн: температуранын жогорулашы, өзүн жаман сезүү, куску келүү, кусуу, мурундун каноосу жана башкалар.

Боор шишиктери

Булар оң сапаттуу жана терс сапаттуу болуп бөлүнөт (доброкачественные, злокачественные). Боордун оң сапаттуу шишиктери абдан көп - липомдор, гемангиомдор, фибромдор. Оң сапаттуу жаңы пайда болууларга кисталар дагы кирет. Бул оорулар көп учурда симптомсуз өтүп, шишиктин же кистанын өсүүндө гана боор чоңоюшу мүмкүн, мунун натыйжасында курсактын оң тарабы ооруйт. Боор рагы негизинен инфекциялык оорулардын, алмашуу орууларынын себеби. Бирок боордун рак менен жабыркоосу, башка органдардан метастаздардын кирип кетиши менен байланыштуу. Терс таасирдүү шишиктер жалпы абалдын начарлоосуна алып келет, алсыз болуу, табиттин жоголуусу, жалпы дене салмагынын төмөндөшү. Кийин, боордун ткандарынын структурасы өзгөрүп кеткенде, ал катуу болуп жана тийип койсо абдан оорутат. Оору көп учурда сарык менен коштолот.

Боор оорусунун кесепеттери

Айтып өткөндөй эле боор оорусунун биринчи симптомдору бейтапка билинбейт. Эгер дарылануу өз убагында болбосо же туура эмес даарылануу жүргүзүлсө (өзүн-өзү даарылоо), бул коркунучтуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Эгер оорунун баштапкы баскычтарында клеткаларда майлар чогула баштаса, оору өнүгүп отуруп ткандардын кайра жаралуусуна алып келет дагы боор функциясы бузулат. Бирок бул коркунучтуу натыйжалардын бири гана. Мисалы, цирроздун өнүгүүсүнүн бардык түрлөрүндө бейтаптын кекиртек тамырынын кан басымы жогорулайт. Бул башка кан тамырлардын варикоздук кеңейүүсүнө алып келип, анын ичинде ашказан жана кекиртек, натыйжада кансыроо жана өлүм менен аякташы мүмкүн (цирроздун 30%). Башка өрчүшүп кетүүгө астит кирет - ич көңдөйүндө суюктуктун чогулуусу, ошондой эле перитонит. Кандын токсиндерден сапатсыз тазаланусунан жана ал токсиндердин борборлук нерв системасына таасир берүүсүнөн бейтапта энцефалопия өнүгүп кетиши мүмкүн, ал болсо өзүнүн акыркы 4-баскычында адамды комага түшүрөт. Ошентип, боорду өз убагында даарылабаса же туура эмес даарыласа натыйжалары маанай жылытаарлык эмес. Дал ушунун себебинен профилактика маселесине чоң көңүл буруу зарыл.

Профилактика

Көптөгөн боор ооруларынын себеби туура эмес жашоо образын жүргүзүүдөн болгондуктан, биринчиден физикалык активдүүлүк жана тамактануу режимин кароо керек (майлууну азыраак кабыл алуу). "Боор оорусунун белгилери" кандай болоорун эми сиз дагы билесиз, бирок ооруну дарылаганга караганда аны алдын алуу оңой да. Албетте, жана сөзсүз жаман адаттардан арылуу боорго оң таасирин берет(аракечтик, тамеки тартуу). Жеке гигиена эрежелерин сактоо дагы чоң мааниге ээ (гипатит А профилактикасы), жыныс гигиенасы (гепатит В жана С), уммунитетти жалпы жонунан жогорулатуу. Ден-соолукта болуп эч ким оорубасын.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)