Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Болотбеков Бейшенбек

Бейшенбек Болотбеков - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, коомдук ишмер.

1955-жылы 18-сентябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Улуту кыргыз.

Атасы Болотбек айылдын кадырман кишилеринин бири болгон жана кырк жылдан ашуун талаачылык боюнча бригадир болуп иштеген. Өмүрү бирөөгө катуу айтпаган жумшак, улууга улуудай, балага баладай мамиле кылган маданияттуу киши болгон, бир сөз менен айтканда айылдын дипломаты болгон. Туугандары, ага инилери бардык ишти ошо киши менен кеңешип жасаган. Ал эми апасы Разия адегенде мектептин китепканасында иштеп жүрүп, кийинчерээк оорулуу болуп калды. Өзү колунан көөнү төгүлгөн чебер, уз адам болгон. Атасы болсо 1995-жылы көз жумду. Ошол атасынан жуккан ырыс болсо керек, Бейшен да жаш кезден эстүү, эмгекке жакын болуп өстү. Балдардын эң улуусу катары үйдө да, талаада да атасына канат-бутак болуп, каникулга тараанда жай бою кадимкидей трактор айдап, тырмоо тартты. Туулган жерге болгон сүйүнүн күчү го, кийин Фрунзедеги политехника институтунда окуп атканда да айылына студенттик курулуш отрядын жетектеп келип, кырманды, тоют цехинин комплексин куруп берип кеткен. 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура жана курулуш факультетин "инженер куруучу" адистиги боюнча бүтүргөн.

үй-бүлөлүү. Жубайы Мира кесиби боюнча санитардык врач, кошуна айылдын кызы болот. Эки уулу, неберелери бар.

Балдарынын экөө тең айылда окуп, айылда өсүштү.

Улуусу Кочкор РИИБсинин начальнигинин орун басары, кичүүсү Минфиндин ички аудит тармагында иштейт. Жайкысын айылга үй-бүлөлөрү менен чогуу барып, Сөөк жайлоосунда жердештер менен чогуу кымыз ичип эс алганды салт кылып алышкан.

Бейшенбек Болотбеков 25 жашында ири башкармалыкты жетектеп, 38 жашында облуска губернатор болду. Институтту бүтөөрү менен профсоюздардын курортторду башкаруу боюнча кеңешинде иштеп калды. Адегенде инженер болуп орношкон, көп өтпөй улук инженерликке дайындалды. 1980-жылы Кеңештин алдында курулуш башкармалыгы уюштурулуп, ошол жакка башкы инженер болуп жиберилди. Эки жылдан кийин, 25 жашында начальник болду. 25 деп жаш курагын кайра-кайра белгилеп айтып аткандын себеби бар. Анан калса Бейшен башкы инженер болуп иштеген курулуш башкармалыгы республикага эмес, түздөн-түз Союзга баш ийчү, демек жетекчилерди да миң калчап, миң экчеп Маскөөдөгүлөр өздөрү тандашчу. Курулуш башкармагында иштеген тогуз жылдын ичинде Бейшен 3 курулуш уюмуна жетекчилик кылган.

Негизинен орус, еврей сыяктуу ар кошкон улуттун өкүлдөрү иштеген коллективге жетекчилик кылып, кол алдындагы түркүн мүнөздүү кишилер менен тил табышуу кандай татаал экендигин айтпаса деле түшүнүктүүдүр. Алар менен иштешүү үчүн өзгөчө акыл керек, андай жөндөм-шыктан куржалак болсоң бир-эки айдан кийин кууп чыгышчу. Анын лидерлик идиреги, уюштуруучулук көрөнгөсү бар экен, баары мене тил табышып кетти. Тил табышмак гана турсун өзү жетектеген курулуш уюмун алдыңкы катарга сүйрөп чыкты.

1983-жылы алардын коллективи Советтер Биримдиги боюнча Крым, Латвиядан кийинки үчүнчү орунду ээлеп, ВЦСПСтин 3-даражадагы диплому менент сыйланды. Республикадагы азыр иштеп аткан курорттордун басымдуу көпчүлүгүн Бейшендин куруучулары курган же ремонттон өткөргөн десек болот.

Башкармачылыктын жетекчилери Болотбековдун ишбилгилигине, тажырыйбасына ишенип жаңылышпаптыр. Жылдын жыйынтыгында Бейшен эң артта калган ПМКны он эки уюмдун ичинен 3-орунга алып чыкты. Республикалык курулуш башкармалыгында төраганын орун басары болуп иштеп атканда, 1990-жылы облустар уюштурулуп, аны Нарын областына обл-кеңештин төрагасынын өнөр жай, курулуш, байланыш тармгын тейлеген орун басары кылып жиберишкен.

1978-1980-жылдары Кыргыз курорт кеңешинин инженери, улук инженери. 1980-1986-жылдары Кыргыз курорт кеңешинин башкы инженери, ремонттоо-курулуш башкармалыгынын начальниги. 1986-1990-жылдары-Беш-Күңгөй МПМКсынын начальниги. 1990-1991-жылдары - Кыргыз ССР Мамагро өнөржайынын капиталдык урулуш боюнча республикалык бирикмесинин начальнигинин орун басары. 1991-1993-жылдары - эл депутаттарынын Нарын областык мамадминистрация башчысынын биринчи орун басары. 1993-1996-жылдары - Нарын областынын губернатору. 1997-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш министринин орун басары. "Нарын областынын жаратылыш ресурстары" китебинин автору."Кочкор - Ырашкер" коомунун президенти."Хан Ормон" фондусунун төрагасы. Ормон хандын юбилейин өткөрүүнүн демилгечиси, 1998-жылдан тарта демилгечи топтун жетекчиси.2002-жылдан уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. 2001-жылдан бери түз инвестицияларды тартуу боюнча республикалык борбордун директору.

Албетте, Теңир тоонун кулуну катары Болотбековдун жарыгы жалпы Нарын областынын элине тийди. Бирок жасалган иштерге баам салып көрсөк, кочкорлук жердештерине убагында өзгөчө көп жардам бергени бар. 2003-жылдын 27-декабрында Президенттин 2004-жылды социалдык мобилизациялоо жана адилет башкаруу жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгынын негизинде ал Кочкор районуна жооптуу болуп бекитилген. Жердештеринин ткөйгөйлүү маселелерин жакшы билген Болотбеков мындай жооптуу милдет жүктөлөөр заматт ишке киришип, Кум-Дөбө 250квт. Робашы, Туз айылдарына 160 киловаттык трансформатордук подстанция орнотулду, селден сктоочу канал бүткөрүлдү. Чолпон, Молдо Кылыч айылдарында болсо дренаж маселеси чечилип, 15-августтан 15-сентябрга чейин диагностикалык борбор иштеп турду. Диагностикалык борбор Кум-Дөбө айылында да бир ай 15-күн иштеди. Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Комсомол, Орток айылдарындагы мектептердин чатырын жабуу үчүн ачалай каражаттар бөлүндү. Кара-Саз айылындагы мектептин чатырын оңдоо келээрки жылдын планына киргизилди. Кара-Суу, Ак-Кыя айылдарындагы жолдорду оңдоо планына киргизилди.

Кочкор району боюнча беш мечиттин курулушуна көмөк көрсөтүлдү. Райондун калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору аркылуу айылдарга жардам берилди. Ардагерлерге, майыптарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, клубдарга, спорттук командаларга берилген материалдык, акчалай жардамдардын баарын санап отурсак бул тизме дегеле соңуна чыкчудай эмес.

"Чек араны коргогону үчүн" медалы Россия Федерациясы), Манас 1000 юбилейлик медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу.

М. Сабыров. Тоонун суусу шар агат (Болотбеков Бейшенбектин өмүр жолуна кыскача баядама). Б.,2005.


.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)