Боярлар думасы

Боярлар думасы – 1) Байыркы орус мамлекетиндеги княздын алдындагы дружинниктери, жакын туугандары жана башка жакын адамдарынан турган (1547-жылдан падыша алдында) кеңеш органы, 2) феодалдык бытырандылык мезгилинде князга караштуу анын тектүү вассалдарынан турган кеңеш. 3) Россия падышалыгындагы 15-кылымдын аягы – 18-кылымдын башындагы аристократиянын улуу князы (падыша) алдындагы туруктуу сословиелик өкүлчүлүк органы. Боярлар думасы мыйзам чыгаруу, тышкы саясат, мамлекеттин ички түзүлүшү, дин жана башка маселелерди талкуулаган. 17-кылымдын 2-жарымында боярлар думасынын ролу төмөндөп, Сенаттын түзүлүшүнө байланыштуу 1711-ж. жоюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)