Бүргөнүн даарысы

Жайдын ысык күнүндө Апендиге кошуналары келип: - Бүргөдөн өлмөй болдук. Таң атканча уктатпайт. Эмне айла кыларыбызды билбей калдык. Сен билип жүрбө? - деп, акыл сурашат. - Анын эң ишеничтүү, эң оңой бир жолу бар. Жатаарда жаныңарга туз даярдап койгула.

Качан бүргө келген кезде, бүргөнү бирден кармап алып, көзүнө туз сээп салсаңар, сокур болуп, эч кимиңди таппай калат - деп, акыл үйрөткөн экен Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)