Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бүбүсара Бейшеналиева

Баш барак | Биографиялар | Бүбүсара Бейшеналиева

Бүбүсара Бейшеналиева (орусча Бюбюсара Бейшеналиева) — кыргыздын белгилүү балеринасы, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрүнүн бири, бийчи, педагог. СССРдин Эл артисти (1958). Кыргызстандын биринчи балеринасы.

Мазмуну
Бүбүсара Бейшеналиева
Бүбүсара Бейшеналиева
Төрөлгөн датасы1926-жыл, 17-май
Төрөлгөн жериКыргызстан, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, (Воронцовка)
Каза болгон датасы1973-жыл, 10-май (46 жаш)
Каза болгон жериФрунзе (азыркы Бишкек), Кыргызстан
Кесибибалерина, бийчи, балеттик педагог
Дебют«Селкинчек» балети

Жалпы маалымат

Белгилүү советтик балерина, кыргыз хореографиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1948—1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А. Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан башкы солисти. 1947-жылы Кыргыз ССР эмгек синирген артисти.1949-жылдан Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын окутуучусу. 1954-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти.

Бүбүсара кыргыз искусствосунун 1939-жылы Москвада өткөн биринчи декадасында бийлеп чыккан. Сахнада туңгуч ирет В. Власов менен Ференин «Селкинчек» балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү жана жакшы профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон», «Раймонда» спектаклдеринде байкалган. Андан кийинки аткарган негизги ролдору: Лиза (П. Гертель, «Курулай сактык», 1948), Мария жана Зарема (Б. В. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны», 1949), Одетта - Одиллия (П.Чайховский, «Аккуу көлү», 1950), Анар (Власов жана Фере, «Анар», 1950-1957), Асель (Власов «Асель») ж. б.

Улуттук, ошондой эле, классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артисттик талантынын бардык көркү аркылуу ар тараптан ачууга жетишкен. Кыргыз профессионалдык хореографиясынын азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө салым кошкон, жеке өзүнө тийешелүү аткаруучулук салттарын мурас кылып калтырган. Артисттин ар бир көрсөткөн оюну назиктиктин, сулуулуктун, шаттыктын жаркын майрамына айланып турган.

Кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көптөгөн жерлерге атак-данкын чыгарган. Бүбүсара катышкан «Чолпон» балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Өзгөчө 1958-жылы кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-декадасында Б. Бейшеналиева борбордук көрүүчүлөрдүн да, адистердин да эң жогорку баасына татыган. «Асел» балети мыкты опералык жана балеттик спектаклдердин сынагында сыйлыкка ээ болгон. Ошол эле ролду аткарганы үчүн 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Биография

Көздөрү көк болгонуна байланыштуу, кичине кезинен «Көк көз» аталган Бүбүсара 1926-жылдын 17-майында (башка маалыматтар боюнча — 8-апрель, төмөдө маалымат берилет) Воронцовка айылында (Чүй облусунун Аламүдүн районунун учурдагы Таш-Дөбө айылы) дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1936-жылы он жашында кыргыз балдарынын тобу менен Ленинград хореографиялык окуу жайына (учурда А. Я. Ваганова атындагы орус балетинин Академиясы) жөнөтүлүп, ал жакта А. Ваганованын башчылыгында билим алган. «Бүбүсара Бейшеналиева» атындагы фонддун төрайымы Дамира Ниязалиеванын айтуусу боюнча, Бүбүсараны Россиялык балет адистер ойноп жүргөн жеринен тандап алып, аны ата-энесинин макулдугу менен Ленинградга алып кеткен. Муну Дамира Ниязаливага тая энеси айтып бергенин билдирген.

Кийинчерээк, өзүнүн эскерүүсүндө: «Шаарда (Ленинградда, учурдагы Санкт-Петербургда), На Неведе («На Неве» — Ленинграддагы балдар драма театры)» мага жакшы мамиле кылып турушту. Г. С. Уланованын тажрыйбалуу педагогдору, мугалимдери мага жана башка Кыргызстандан келген жаш окуучуларга өз билимдерин берип жатышты. Биздин ийгиликсиз учурларыбызды жана кайгы-капаларыбызды алар жүрөгүнө өтө жакын кабыл алышып, биринчи ийгиликтерибизге кубанып турушту».

Башында айткандай эле, Бүбүсаранын дебюту 1939-жылы Чоң театрдын сахнасында, «Кыргыз искусствосунын жана адабиятынын биринчи декадасы» учурунда болгон («Селкинчек» балети, башкы роль, Зайнура).

1941-жылдан тарта — Фрунзе шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынан солисткасы.

Бийлери боюнча өнөктөштөрү

«Анар» балетинен башталган Кыргыз ССРинин эл артисти Уран Сарбагышев болсо Бүбүсаранын он сегиз жыл бою өнөктөшү болгон.

Концерттерде соло бийлер менен чыгып, СССР жана чет өлкөлүк шаарларына гастролдорго чыккан.

1949-жылдан тарта Муратаалы Күрөңкеев атындагы Фрунзе музалык-хореографиялык окуу жайында (учурдагы Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жай) окутуучу.

СССР Жогорку Кеңешинин VI—VII чакырылышынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин IV—V чакырылышынын депутаты.

Жогорку Кеңеште сөз сүйлөө учурунда
Жогорку Кеңеште сөз сүйлөө учурунда

Узакка созулган катуу оорудан кийин 1973-жылдын 10-майында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Ала-Арча көрстөнүнө коюлган.

Үй-бүлөсү

Жолдошу — Ахмат Аманбаев (1920—1964) — кыргыз композитору, дирижёр, педагог. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1963). Баласы — Эрмек Бейшеналиев, мемуарлардын автору.

Сыйлыктары жана наамдары

Балеттик партиялар

Фильмография

Чолпон — таң жылдызы, фильм-балетинен кадр, Бүбүсара Айдайдын ролунда
Чолпон — таң жылдызы, фильм-балетинен кадр, Бүбүсара Айдайдын ролунда

Кызыктуу фактылар

Бейшеналиеванын баласы Эрмектин айтуусу боюнча балерина 1926-жылдын 8-апрелинде төрөлгөн. Күйөөсү Ахмат Аманбаев менен ажырашкандан кийин, паспортун алмаштырып, жаңысында баласынын төрөлгөн күнү (17-май) көрсөтүлгөн. Муну ал, баласы экөөнүн төрөлгөн күндөрү бир болуу каалоосунан болгон имиш. Чыныгы аты — Бибисара, паспортунда Бюбюсара деп орусча жазылган, анткени бардыгы аны ушундай аташкан. Театрда болсо аны бардыгы «Бибочка» же «Биба» дешкен.

Цитаталар

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 18562, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-10-07
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо