Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бодонун этинен бешбармак

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Бодонун этинен бешбармак
Бодонун этинен бешбармак - уйдун, топоздун жана төөнүн этинен да бешбармак жасалат. Аталган бодо малдын эти ширелүү келип, жагымдуу болот. Кесме, чык кошулса ансайын даамы артат. Бодонун эти көптө бышат. Бышканда чыгарып, табы кайтканда нарын тартып туурайт.

Тундурулган нак шорпого кесмени бышырып, сүзүп, тууралган этке салат. Даярдалган чыкты куюп, арадаштырып, үстүнө сары жүрмө туурап, коноктун алдына коёт. Эгерде төөнүн этинен жасап, үстүнө жилигинин чучугун кошсо, аны эл оозунда "ак дөбө бешбармак" деп коёт. Бирок, бешбармактын бул эски түрү азыр көп жасалбайт.
Жайгаштыруу: 2017-08-30, Көрүүлөр: 784, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо