Бобо-Диулаco шаары

Бобо-Диулаco шаары, Бобо Дюласо (Bolo Dioulasso) Буркина-Фасо мамлекетинин түштүк-батышындагы шаар. Уэ провинциясынын администрация борбору. Калкы 360 миң (2005), калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Уагадугу шаарынан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому, темиржол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Бобо-Диуласо өлкөнүн башкы экономикалык борбору. Тамак-аш (алкоголсуз ичимдиктер, суу май, пиво), самын кайнатуучу, тамеки ишканалары бар, сизаль иштетилет, пахта жана шалы тазаланат. Тактай тилинет. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, карапа буюмдар, буткийим, эмерек, тери иштетүү) өнүккөн. Чоң мечит, педогогикалык орто окуу жайы, илимий-техника изилдөө бюросу, экономикалык жана социалдык илимдер борбору, пахта жана текстиль институту, провинция музейи (заманбап африка искусство экспозициясы, базилика жана скульптура) бар. Батыш-Африка салттуу искуство көргөзмөсү үзгүлтүксүз болуп турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)