Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жылдызы

Бул суу белгисинин күчтүү адамдары өзгөчө үйчүлдүгү жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланат. Сезимталдуу жана оңой жаралануучу Бөйөндөр өзүн жалгыздыктан коопсуздандыруу максатында, дайыма бекемдүлүктүн изденүсүндө болот. Бул зодиак белгиси ачык-айкындуулукка жана туруктуулукка умтулуп, үй-бүлөөгө жана үй-бүлөөлүк коломтого болгон өзгөчө талаптарга ээ болот. Үй-бүлөөлүк тарыхка сый-урмат менен мамиле жасап, Бөйөндөр үй-бүлөөлүк салттарды бийик тутат, жана аларга эч качан өзгөрүү киргизбегенге аракет кылат. Тыкат келген Бөйөндөр дайыма үйдөгү тазалыкты кармоого аракет жасайт, а бул алардын мүнөзүнүн айырмачылыгынын бири.



Көп учурда оор жан-дүйнөлүк санааларды тартып, Бөйөндөр ушунча психологиялык жактан жаралуу болуп, кичине наристедей назик болот. Сыртынан чоң мүдөөлүк жана эрки күчтүү адамдай көрүнүшү мүмкүн, бирок бул болгону жан-дүйнөлүк жараланууларды албоо үчүн болгон коргонуу. Ички дүйнөсүндө көптөгөн өзгөрүүлөрдү сезип, Бөйөндөрдүн маанайы ал өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрөт: меланхолия жана түнттүктөн ачылууга жана ачыктыкка, жана кайра тескерисинче. Айланасындагыларга токтоо жана өзүн өзү кармаган адамдын таасирин калтырып, өз ойлорунда жана сезимдеринде Бөйөндөр түшүнүксүз сырдуу адам болот.



Бул зодиак белгисинде төрөлгөн адамдар кооптуу жана кумардуу оюнчулардын катарына кирбейт. Анткени, булар акчага абдан аяр мамиле жасап, оңго солго чачышпайт.



Өзгөчө дипломатиялык таланттарга ээ болуп, Бөйөндөр көп учурда коюлган максаттарына жетет. Бирок, булар таарынычтан өз ойлоруна чөмүлүп, өз дүйнөсүндө кичинекей сөз укпаган наристени ойготуп, өзүн абдан кежир алып жүрүшү мүмкүн. Дал ушул өз иш-аракеттеринин үстүндө сүзүп жүрүүчү кемчиликти, өз пайдасы үчүн түп тамыры менен жоюуу зарыл.



Күчтүү элестетүү сезимдерине ээ болуп, Бөйөндөр башкалардан өзгөчө коркунучка ийимдүүлүгү, чыдамсыздыгы жана өтө сезимталдуулугу менен айырмаланат. Өзүлөрүндө кулпуланып алып, негизинен, көрүнбөгөн каршылашуу дубалын орнотуп, булар жагымсыз адамдардан ушундай ыкма менен коргонот. Булардын дарегине айтылган, каалаган кыйкымдоолор, кеңештер же пикирлер Бөйөндөрдү катытып, түшүндүрүлгүс пассивдүү абалга келтирет. Кээде бул зодиак белгисинин адамдарына кандайдыр бир жоопкерчиликтен коркуу сезимдери таандык. Бир жагынан, булар оор кырдаалдарда таяна турган ишенимдүү адамдардан болот.



Бөйөндөр бир нерсеге өкүнүп, ырайымсыз чындыктан качып, өзүн казган адатка ээ. Шартка ылайык, бул жан-дүйнөлүк казуулар жакшылыкка алып келбей, жакшы эмес абалына кошул-ташыл коркунучтарды тартуулайт. Көп учурда Бөйөндөр өзүнүн акыл-эсин жана бай жашоо тажрыйбасын, жашоодогу ар кандай кырдаалдарды жана маселелерди чегүүгө колдоно билбейт. Толук даярдык менен, куралданып жана ишенимдүү тоскоолдуктарды тосуунун ордуна булар, тескерисинче артка качып же корконунан дем албай токтоп калат.



Башка зодиак белгиси менен салыштырмалуу, Бөйөндөр ушунча назик жана сүйүүчү өзгөчөлүккө ээ, жана аялдар мындай берилгендикке туруштук бере албай, кабыл алып, бардык чыдамдуулук менен камкор болуп, түшүнүүгө аргасы калбайт.



Бул өзгөчө жаралуу жана сезимталдуу зодиак белгиси, бала кезинде көп учурда энесинин канат астында болуп, көп убакка чейин ал жактан чыга албайт. Жана бул мамилелердин модели Бөйөндөрдү жашоодо андан ары да ээрчип жүрө бериши мүмкүн. Бөйөндөр көп учурда энесинин канатынын астында бойго жеткен кезде да болуп, энеси менен байланыштырып турган жипти үзө албайт. Дал ошондуктан Бөйөн-мырзалар көп учурда өз сүйгөнүнөн өзүнүн энесин издейт, ал эми Бөйөн-айымдар өмүрүнүн акырына чейин ата-энесине байланган секелек кыз бойдон кала берет.



Бөйөндөр сезимталдуулуктун ширесин толук соруп салуучу, азаптуу сүйүүгө дээрлик ийимдүү болот. Идеалдуу сүйүүнүн кыялкечтери болуп, романтик болууга даяр, жана өз түгөйүн суктануусу, жылуулугу жана назиктиги менен куурчап алуу мүмкүндүгү бар, жана ошондой түшүнүүчү жана колдоочу сүйүүнү өз түгөйүнөн күтөт. Андай болбосо, ырайымсыз көңүл калгандыкты сезип, бул романтиктер куткарууну жана коргонуучу жайды жалгыздыктан же энесинин канатынын астынан издешет, ушунусу менен булар душман-дүйнөдөн качышат. Кээде булар сүйүүдө тиран жана өзүмчүл болушу мүмкүн, анысы менен бирге өзүн өз өнөктөшүнө толук багындырып, мамилелерге калдыгы жок толук берилет. Өзүнө болгон сүйүүнү сезип, сүйүү сезимдерин кайтарууда булар өзүлөрү да идеалдуу болот. Андай да болбосо, анда булар адам чыдагыс түйшүктүү жана орой болуп, күч-кубат жеткис азап-тозокко чөмүлө баштайт.



Бөйөндөрдүн негизги принциптери:



Менин үйүм, менин чебим



Башкаларды алдейлөө - бул менин чыныгы шыгым



Бардыгын камдап алуу кандай жакшы - чыдамдуулукту да, вареньени да



Күткөндү билген адамга бардыгы келет.



Достор менен кафеде эмес, үйдө кезик.



Муздаткычтын ичи толуп турганда, жан-дүйнөдө жылуулук.



Чогултуучулук жакшы, бирок татыктуу буюмдуу сатып алуу жакшы.



Жашынууга мүмкүндүк жок жерде, жашоо кыйын.



Өз тарыхымды далыга илиген каптай алып жүрөм.



Жыйырма жыл кийген пальто да эскиреби?

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 8994, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу